Биз менен байланышыңыз

Орусия коронавируска каршы вакцинаны каттоодон өткөрдү

Дүйнө , Кыска кабар | 11 Авг 2020 | 715 | 0

Орусиянын президенти Владимир Путин Орусия дүйнөдө биринчи болуп коронавируска каршы вакцинаны каттагандыгын айтты. Бул туурасында РИА Новости жазды.

Путин дүйнөдө биринчи болуп коронавируска каршы вакцина каттоодон өткөнүн белгиледи. Ошондой эле натыйжалуулугуна карабастан бардык текшерүүлөр жасалышы керектигин белгилеп, саламаттык сактоо министри Михаил Мурашкого тапшырды.

Мурашко вакцина жогорку деңгээлде эффективдүүлүгүн көрсөткөндүгүн белгиледи. Аны биринчилерден болуп Путиндин кызы колдонгону айтылууда. Орусиянын жарандары коронавируска каршы эмдөөнү 2021-жылдын 1-январынан тарта алышары күтүлүүдө.

Буга чейин, Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму Орусияны коронавируска каршы вакцинаны массалык түрдө чыгарууда этият мамиле жасоого чакырган. Август айынын башында өлкөнүн саламаттыкты сактоо министри Михаил Мурашко вакциналарды клиникалык тестирлөө соңуна жеткенин жана аны массалык түрдө иштеп чыгуу октябрь айында башталарын маалымдаган.


Коронавируска каршы вакцина Кыргызстанга качан келет?


Акыркы сутканын ичинде Орусиянын аймагында 130 адам коронавирустун кесепетинен каза болду. Өлкөнүн ыкчам штабынын маалыматы боюнча, алардын ичинен көпчүлүгү, же 21 адам Санкт-Петербургда, Москва шаарында 14 бейтап көз жумган.

Федерациянын аймагында оору жуккандан кийин жалпы 15 131 адам каза болду. Орусияда жалпы 892 654 адамга коронавирус жугуп, алардын ичинен 703 175 адам айыккан. Калгандары дарыгерлердин көзөмөлүндө дарыланып жатат.

Copyright © 2017 Maral FM