Учурда дүйнө боюнча медицина коронавирустун жаңы түрүнө каршы вакцина иштеп чыгуунун аракетинде. Айрыкча, өнүккөн өлкөлөр вакцинаны биринчи иштеп чыгуу үчүн болгон аракетин жумшоодо. Албетте, вакцинаны алгачкылардан болуп ойлоп тапкандар каржылык жагынан эле утпастан, медицинасынын күчтүүлүгүн да далилдейт.
Кытай, Орусия, Европа мамлекеттери коронавируска каршы вакцинаны иштеп чыгууга болгон мүмкүнчүлүктөрүн колдонууда. АКШ да жайдын аягына чейин коронавируска карата вакцина өндүрүүнү баштоо пландалганын жарыялаган.
Орусиянын башкы эпидемиологу Александр Гинцбург вакциналар алгач улуу адамдардан жакшы натыйжа болсо, андан жарым жылдан соң балдарга да текшерип көрүүлөрүн айтат. Ошондой эле, вакцинаны текшерүү этап-этап менен болгондуктан, көп убакытты талап кыларын белгиледи.
Коронавируска каршы вакцина Кыргызстанга качан келет?
Кыргызстан өзү вакцина иштеп чыгат деп айтуу кыйын. Башка медицинасы өнүккөн өлкөлөр ойлоп тапкан вакциналардын да качан келери да белгисиз.
Медицина боюнча эксперт Айбар Султангазиев баарына жеткидей болгон вакцина Кыргызстанга 2023-жылы араң келет дейт.
-Биринчиден, вакцина жаңы эле дүйнө жүзү боюнча 3-4 өлкөдө эле сыноодон өтүп баштады. Изилдөө көп убакытты талап кылып, узакка созулат. Биринчи 20-30 кишиге сынап көрөт. Андан соң, миң, эки миң адам текшерилет. Аларга жакшы таасир этип, ден соолугуна зыяндуу болбосо колдонууга чыгара баштайт.
Америкада бир компанияга 300 млн вакциналык дозага заказ берилген маалымат берилип жаткан. Мындан байкалгандай эле, ойлоп табылса да, аны биринчи бай мамлекеттер алат. Бизге жакында келбейт. Келсе деле эмки жылы күзүндө болобу, 2022-жылы болобу, эң эле эрте дегенде ошол маалдарда келет. Келсе деле бизде аны алууга каражат жок, дагы бирөөлөрдөн кайыр сурап баштайбыз. Мисалы, ДССУ сыяктуу же башка эл аралык уюмдарга кайрылабыз. Алар каражат таап, бизге вакцинаны жөнөткөнчө биртоп убакыт өтөт. Кыскасы, Кыргызстанга баарына жеткидей болуп, вакцина 2023-жылы араң келет.
Вакцинаны жакын арада Кыргызстан күтпөй эле койсо болот. Вакцина чыкса деле аны алууга же каражат жок, же мүмкүнчүлүк жок болот.
Султангазиевдин айтымында, өнүккөн өлкөлөрдө, компаниялар шашылыш түрдө сатыкка чыгарган учурда деле, эң эрте дегенде кышында, же жазында чыгарып баштайт.
Мындай пикирди медицина илимдеринин доктору, Саламаттыкты сактоо министрлигинин штаттан тышкаркы башкы клиникалык фармакологу Аида Зурдинова да ырастайт.
-Вакцина эффективдүү далилдене элек. Орусия вакцинаны 2021-жылдын күзүнө массалык түрдө чыгат деп айтып жатат.
Ошондой эле, Орусиядагы айрым сайттар вакцина терс таасирин тийгизгендер болуп, 4 адам каза болгонун жазып жатат. Мындай болушу толук мүмкүн, себеби азырынча иммундук жагы жакшылап изилдене элек. Вакцина чыкты деп айтканга азыр эрте. Ошондуктан, Кыргызстанга вакцина жакын арада келет деп айта албайбыз.
Кыргызстанда коронавирусту дарылоо системасы кандай?
Кыргызстанда вируска каршы, вирус менен күрөшө турган эң керектүү дарылар протоколго кирген эмес. Муну айткан медициналык эксперт Айбар Султангазиев, бизде дарылоо системасын өзгөртүп, толукташ керек деп эсептейт.
-биз азыр вирус талкалап кеткен нерселерди оңдогонго аракет кылып жатабыз. Вирустун өзүн дарылай турган дарыларды колдонбойбуз.
Дүйнө жүзүндө биртоп мамлекет колдонуп жаткан вирус менен күрөшө турган 3-4 эле дары бар. Алсак, фарипиравир, хлорофиол, эндисивир сыяктуу, буларга 100 пайыз гарантия жок. Бирок бул дарылар ооруну жеңилдетет. Жакшыбы, жаманбы протоколго киргизип коё бериш керек. Аларды колдонуу ыкмасын тактап жазып, кайсы убакта, канча дозада колдонуш керектигин тактап протоколго киргизүү, дарыгерлерге колдонууга уруксат берилиши керек.
Фарипиравирдин кемчиликтери көп, мисалы, жаш аялдарга, эркектерге зыяндуу болуп саналат. Балдар туура эмес төрөлүп, оорукчан болуп калышы ыктымал. Ошондой эле, бөйрөк, жүрөккө терс таасир этет.
Бирок оор абалда ооруканада жатып калгандарга, өлүм алдында тургандарга колдонсо болот. Бир гана ооруканада протоколго киргизилгенден кийин дарыгерлер колдонуу ыкмасын үйрөнгөндөн кийин гана колдонууга бериш керек.
Султангазиев мамлекетке мындай дарылар сөзсүз түрдө керек болгондуктан, протоколго киргизиш керек деп эсептейт.
Ал эми Аида Зурдинова бул дарылар азырынча протоколго киргизилбей турганын айтты. Себеби алардын эффективдүүлүгү азрырынча тастыкталган эместигин айтат адис.
-Ал дарылардын терс таасири көп. Рендесивир бир чоң корпорациянын продукциясы, учурда Америка, Орусия ж.б. өлкөлөрдө колдонулууда. Ал азырынча экперименттен өтүп жаткан дарылардын катарында болгондуктан, колдонууга уруксат бере албайбыз. Фапиривавир да ошондой эле. Пайдалуулугу далилденсин, юридикалык жактан ырасталсын анан протоколго киргизебиз. Учурда «протоколго киргизебиз, киризбейбиз» деген чыр-чатак ошондон чыгып жатат.
Биз далилденсе гана протоколго киргизебиз деп айтып жатабыз. Жок дегенде 1000 чакты адамга тийгизген таасири, пайдасы көрсөтүлүш керек.
Кошумчалай кетсек, Орусиядан Фавипиравир дарысы келери айтылууда. Чеченстандын башчысы Рамзан Кадыров Кыргызстанга колдоо көрсөтүү үчүн медициналык дары-дармектер жана коргоочу каражаттардын жөнөткөнүн кабарлаган. Анын арасында да Фавипиравир препараты бар.
Кыргызстан коронавирустун туу чокусунан өттүбү?
Аида Зурдинованын айтымында, болжол менен августтун ортолорунда көрсөткүч өсөрү күтүлүүдө.
Жакшы жаңылык катары, акыркы 2-3 күндү карасак, стационарларга келген кишилердин саны азайып жатат. Бул жакшы. Бирок, адис билдиргендей, азырынча пиктен өттүк деп айта албайбыз.
-Коронавирус менен пневмонияны бириктирип, ошол статистиканы бир калыпка келтирсек, анан алдын-ала көрсөткүчтү тагыраак айтмакпыз.
Азыр региондор боюнча жалпы маалыматтар да чогултуп жатат. Статистиканы калыпка келтирмейинче прогноз айтуу кыйын болуп турат. Болжол менен августтун ортолорунда көрсөткүч өсөт, пикке чыгат деген прогноз бар. Азыр ошого даярданып жатабыз. Чет өлкөдөгү тажрыйбага карап, алар колдонгон дарыларды текшерип, протоколго да кайра өзгөртүү киргиздик.