Биз менен байланышыңыз

Коронавирустун дүйнөдөгү көрсөткүчү

Дүйнө , Кыска кабар | 11 Авг 2020 | 472 | 0

Бүгүн, 11-августка карата дүйнө жүзүндө 20 090 541 адамдан коронавирус инфекциясы аныкталды. Бул тууралуу Жонс Хопкинс университетинин маалыматында айтылат.

Ошондой эле коронавирустун кесепетинен 736,2 миң адам каза болду. Бейтаптардын саны боюнча дүйнөдө Америка биринчи орунда. Учурда АКШда 5 миллиондон ашык адам коронавирус менен катталып, 163,4 миң адам көз жумду. Андан кийинки орунда Бразилия (3 млн) жана Индия (2,2 млн) турат.

Ал эми Борбор Азия өлкөлөрүнүн ичинен Казакстанда 100 миң 164 адамдан, Кыргызстанда 40 миң 455 адамдан, Өзбекстанда 31 миң 545 адамдан жана Тажикстанда 7827 адамдан оору аныкталды.

Copyright © 2017 Maral FM