Биз менен байланышыңыз

Телеканалдар тартпаган аймактарда сабактар кандай өтөөрү айтылды

Кыска кабар | 11 Авг 2020 | 492 | 0

Окуучулардын толук билим алуусуна интернеттин жетишсиздиги себеп болуп жаткан алыскы райондордо жана өзгөчө тоолуу аймактарда эпидемиологиялык абал туруктуу жана окуучулардын саны аз болгондуктан окутуу салттуу түрдө улантылат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин өкүлү Айнура Кусеинова «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, бүгүнкү күндө республика боюнча мектептердин 95 пайызы интернетке туташтырылган. Бул боюнча дагы тиешелүү операторлор менен тийиштүү иш чаралар жүрүп жатат.

Сыналгысы жана мобилдик телефону жок үй-бүлөлөргө да жергиликтүү бийлик донорлор менен биргеликте жардам беришкен. Андан тышкары, мектепте турган компьютерлер жана сыналгылар убактылуу колдонуу үчүн берилген. Жаңы окуу жылына карата бул багытта мониторинг жүргүзүлүп жатат, — деди Кусеинова.

Ошол эле учурда окуучуларды дистанттык окутуу багытында мугалимдер арасында видео сабактарды тартуу боюнча конкурс жарыяланып, анын негизинде 260 мугалим видео сабактарга тартылып жатат. Аталган видео сабактар телеканалдар аркылуу көрсөтүлөт. Ошол эле учурда өзбек жана тажик тилинде жүргүзүлүүчү сабактар даярдалып, «Ынтымак» телеканалы аркылуу көрсөтүлмөкчү.

Телеканалдар тартпаган аймактарда мугалимдер аймактагы эпидемиологиялык кырдаалга жараша салттуу түрдө же дистанттык түрдө сабак окутушат. Дистанттык түрдө окутууда ар кандай ресурстар пайдаланылмакчы.

Эске салсак, өткөн жылдын төртүнчү чейрегинде айрыкча Өзбекстанга чектеш аймактарда интернет жеткиликтүү болбой, мамлекеттик телеканалдар тартпай, окуучулардын толук билим алуусуна тоскоолдук жаралгандыгы айтылган болчу.

Copyright © 2017 Maral FM