Биз менен байланышыңыз

Казакстанда коронавирус жуктургандар 100 миңге жакындады

Дүйнө , Кыска кабар | 10 Авг 2020 | 433 | 0

Акыркы суткада Казакстанда 741 адамдан коронавирус инфекциясы аныкталды. Алардын ичинен 340 адамда оорунун клиникалык белгилери жок экенин коронавируска каршы күрөшкөн ыкчам штаб билдирди. Муну менен Казакстанда коронавирус жуктургандардын жалпы саны 99 миң 442 адамга жетти.

Жаңы аныкталган бейтаптар (жалпы/симптомсуз):

— Нур-Султан шаарында 163 / 56;

— Алматы шаарында 132 / 61;

— Караганда облусунда 87 / 37;

— Чыгыш Казакстан облусунда 58 / 20;

— Батыш Казакстан облусунда 49 / 16;

— Акмола облусунда 42 / 19;

— Түндүк Казакстан облусунда 38 / 12;

— Костанай облусунда 31 / 16;

— Атырау облусунда 30 / 29;

— Мангистау облусунда 28 / 23;

— Павлодар облусунда 21 / 9;

— Жамбыл облусунда 20 / 10;

— Алматы облусунда 18 / 15;

— Түркстан облусунда 18 / 13;

— Кызылордо облусунда 5 / 3;

— Чымкент шаарында 1 / 1.

Copyright © 2017 Maral FM