Биз менен байланышыңыз

Чек арада жабыркаган жарандарга жардам көрсөтүлдү

Кыска кабар | 8 Авг 2020 | 1109 | 0

Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алишер Абдрахмановдун тапшырмасы менен өкүлдүн биринчи орун басары Жаркынбек Максутов облустук ооруканага барып, 6-августта кыргыз-тажик чек арасында жараат алган жарандардан кабар алды. Бул тууралуу облустук жетекчинин басма сөз кызматы билдирди.

Жаркынбек Максутов чек арачылардын жана чек аралаш аймакта жашаган ар бир тургундун, мамлекеттик чек араны коргоодо жана коопсуздукту камсыз кылууда салымы зор экенин белгилеп, аларга тезирээк сакайып кетүүсүн каалады. Ошондой эле жабыркагандарга акчалай жардам көрсөтүлдү.

Учурда жараат алган чек арачынын абалы орто, ал эми Көк-Таш айылынын тургунунун абалы оор деп бааланууда.


Чек ара чыры: Жабыркагандар оор абалда


Окуядан кийин эки тараптуу сүйлөшүүлөр жүргүзүлгөн. Укук коргоо органдары тарабынан ыкчам тергөө амалдары жүрүүдө.

Учурда чек аралаш аймактарда абал туруктуу.

Copyright © 2017 Maral FM