Баткен облусунун Баткен районунда кыргыз-тажик элинин ортосунда келишпестик жаралып, чек ара маселеси кайрадан козголду.
6-августта Баткен облусунун Баткен районунун Эки-Таш жерлигинде Тажикстан тараптан белгисиз бирөөлөр кыргыз чек арачылары тарапка ок чыгарган, кыргыз тараптан да ок менен жооп болгон. Анын жыйынтыгында кыргыз чек арачыларынын бири колунан жаракат алды. Ошондой эле тажикстандык басылмалар бир тажик тургуну октон алган жараатынан улам каза болгонун маалымдады.
Мамлекеттик чек ара кызматынын расмий өкүлү Сажира Чоколоева учурда абал туруктуу экенин айтып, чек ара кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте иштеп жаткандыгын билдирди. Бул чырга байланыштуу 6-августта Согдий облусуна караштуу Исфара районундагы Ходжаи айылында Кыргызстан менен Тажикстандын жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жолугушту.
Ага Кыргызстан тараптан өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлүнүн биринчи орун басары, Тажикстан тараптан Согди облусунун губернаторунун орун басары, аймактагы чек ара кызматтарынын жана эки тараптын укук коргоо органдарынын өкүлдөрү катышты.
Жолугушууда тараптар жабыркагандар боюнча өз алдынча иликтөө жүргүзмөй болушкан. Андан тышкары, мамлекеттик чек арадагы жана анын аймагындагы жаңжалдарды болтурбоо боюнча биргелешкен аракеттерди күчөтүү, жаралган маселени ыкчам чечүү максатында жолугушууларды уюштуруу маселеси айтылды.
Чек ара маселеси боюнча сүйлөшүүлөр жүрдү деп айтылып келгени менен, бир аз убакыт өтүп-өтпөй кайрадан эле курал колдонулган окуя орун алды. Анын кесепетинде 65 жаштагы кыргыз тургуну эки жеринен жаракат алып, ооруканага жеткирилди.
Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Нурлан Шайбек уулунун айтымында, азырынча бул окуянын чоо-жайы иликтенип жатат.
— Көк-Таш айылынын 65 жаштагы тургуну Р.М. өзүнүн үлүш участкасында иштеп жүргөн жеринде Тажик республикасынын аймагы тараптан белгисиз адам ок чыгарган. Натыйжада оң желкесине жана оң жак жамбашынын үстүнө ок тийип, Баткен облустук биргелешкен ооруканасына жаткырылган.
Эки жеринен жараланган тургундун абалы туруктуу оор бойдон калууда. Баткен облустук саламаттыкты сактоо тармагынын координатору Арзыбек Бөрүбеков, бейтапты аман алып калуу үчүн тиешелүү медициналык жардам көрсөтүлүп жатканын айтты.
— Жабырлануучунун денесинин эки жерине ок тийген. Абалы орто оор, туруктуу бойдон калууда. Учурда реанимацияда, аман алып калуу үчүн болгон аракетти кылып жатабыз. Бир окту чыгарганбыз. Экинчиси далысындагы ок алына элек. Азырынча аман алып калсак, бир-эки күндө өзүнө келсе окту чыгаруу маселесин кийин деле карасак болот.
Бөрүбеков жабыркаган бейтапты Бишкекке жөнөтүүнү ойлоп жатышканын, же балким жакшылап дарыланса, окту чыгаруунун зарылчылыгы болбой калышы деле мүмкүндүгүн кошумчалады.
Ал эми 6-август күнү таңкы ок атышууда жаракат алган чек ара кызматкеринин абалы туруктуу, жарааты өтө оор болбогондуктан хирургиялык тазалоо жүргөн.
Баткен районунун Көк-Таш айылдык кеңешинин депутаты Абдиманап Шайдуллаев тажиктер менен мындай атышуулар бат-баттан болгонуна байланыштуу бул көнүмүш адатка айланып баратканын айтат.
— Бул көйгөйгө жакшылап көңүл бурулбаса, кайра-кайра кайталана берип көнүмүш адатка айланып баратат. Бул жерде тажиктердин негизги максаты — сууга ээлик кылуу. Лейлекти анклавга айлантып, Баткенди суусуз калтыргысы келишет. Маселени изилдегендер кыргыздардан же Кыргызстандагы айылдардан кынтык издебей, тажик тарапты текшерүүгө алсын.
Кыргыз-тажик чек арасында суу, жол, жер маселелерине байланыштуу эки тараптын чырдашуусу, адам өлүмү менен аяктаган атышуу байма-бай болуп турат.
Эки мамлекеттин жалпы чек арасынын узундугу 970 чакырымды түзөт. Анын 519у такталган, калгандары талаштуу жер тилкеси болуп саналат.
Кыргыз-тажик чек арасындагы жагдайды жөнгө салуу үчүн жер алмашууга баруу керектигин Баткен облусунун мурдагы губернатору Мамат Айбалаев сунуштайт. Анын айтымында, Кыргызстандын чек арасындагы Ворух анклавын (Тажикстанга таандык) Тажикстандагы Мургаб, Жерге-Тал айылдарына алмаштыруу керек. Тагыраагы, эки аймактын элин алмаштырып, көчүрүп келүү кажет.
— Бул маселени чечүүдө бир-эки эле жол бар. Анын бири анклавда калып калган тургундарды көчүрүү. Бул үчүн эки өлкөнүн бийлиги сүйлөшүшү керек. Алар эле макул болсо, жергиликтүүлөр да көнөт. Калкты көчүрүп келүүдө эле чыгым болбосо, башкасын аткарса болот. Тажик бийлиги бул сунушка кандай карайт, ал жагы белгисиз. Эки тарап бирин-бири алдоо менен эле убакыт коротуп жүрө берсек, жөн эле убакыт өтүп, Баткендеги абал мындан да оорлошуп кетет,- дейт Айбалаев.
Анын айтымында, эгер бийлик болгон аракетин жумшап, кетирген убактысына, каржылык чыгымына карабастан чыгынып койсо, маселе чечилет. Эң негизгиси, убакытты созбой эртерээк киришүү керек.
Кыраз-тажик чек арасындагы байма-бай ок атышуулардан улам жер маселесин тактоо зарылчылыгын эксперттер да какшап айтып келишет. Буга чейин бир топ эл өкүлдөрү маселени көтөрүп, анда Мамлекеттик чек ара кызматын, Өзгөчө кырдаалдар министрлигин түштүк аймакка көчүрүү сунуштары айтылган.
Буга чейин да чек ара маселеси боюнча 2 өлкөнүн өкүлдөрү − жергиликтүү кеңештерден тарта аймактык, облустук жетекчилер, вице-премьер министрлери, өкмөт башчылар, жада калса эки өлкөнүн президенттери да жолугуп талкуу кылышкан.
Бул маселе боюнча эки өлкөнүн атайын кызматкерлеринин жолугушууларын санап өтсөк, ондон ашат. Тилекке каршы, азырынча тиешелүү жыйынтык байкала элек.