Кыргызгидромет борборунун маалыматы боюнча, 8-августта өлкө аймактарында түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз көпчүлүк аймактарда жаан жаашы мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн +17…+22, күндүз +29…+34;
Талас облусунда түнкүсүн +15…+20, күндүз +28…+33 градусту түзөт.
Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында түнкүсүн +20…+25, күндүз +31…+36;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +11…+16, күндүз +21…+26;
Нарында түнкүсүн +8…+13, күндүз +23…+28 градус болот.
Бишкекте түнкүсүн жаан-чачын жок. Күндүз жаан жаашы күтүлөт. Абанын температурасы түнкүсүн +19…+21, күндүз +32…+34.