Биз менен байланышыңыз

ДССУ: Коронавирусту жуктуруулар жаштар арасында көбөйдү

Дүйнө , Кыска кабар | 5 Авг 2020 | 428 | 0

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун мүчөлөрү 24-февралдан 12-июлга чейин катталган 6 млн бейтаптын жагдайын изилдеп чыгышкан. Жыйынтыгында 15-24 жаштар арасындагы коронавируска чалдыккандардын көрсөткүчү февралдагы 4,5 пайыздан июлда 15 пайызга чейин өскөнү аныкталган.

ДССУ буга жаштар айтылган нормаларды кунт коюп сактабагандыгы, беткапты тиешелүү түрдөгүдөй такпай жаткандыгы, гигиеналык эрежелерге көнүл бурбагандыгы себеп болгонун айтууда.

Ошондой эле жаштар көп убактысын түнкү клубдарда, көл жээктеринде, саякат кылып өткөрүп жаткандыгы вирусту жуктуруп алуу тобокелдигин арттырып жатканын белгиледи.

Copyright © 2017 Maral FM