Биз менен байланышыңыз

Пандемияда ишмердүүлүгүн өзгөрткөн ишкерлер

Саясат , Экономика | 4 Авг 2020 | 1217 | 0

Президент Сооронбай Жээнбеков 3-августта Ысык-Көл облусундагы атайын кийимдерди тигүүчү «Айко Сейко» жоопкерчилиги чектелген коому текстиль ишканасынын ишмердүүлүгү менен таанышты. Атамекендик компания пандемияга байланыштуу жеке коргоочу каражаттарды чыгара баштаган. Коронавирустук кризистен улам, бир канча ишкерлер ишмердүүлүгүн башка багытка өзгөртүүгө туура келди. Президент жеке ишкерлерге көмөк көрсөтүү керектигин белгилеп келет. Бирок ишкерлерди колдоого бөлүнгөн 14 млрд сом бүгүнкү күнгө чейин ишкерлерге толук бериле элек. 

Ишкер: Пандемиядан чоң тажрыйба алдык жана жаңы багыттар ачылды

«Маткасымов» антенна жана үй-тиричилик буюмдарын өндүрүүчү ишкана өзүнүн ишмердүүлүгүн өзгөртүп, пандемияга байланыштуу дезинфекциялоо туннелдерин, санитайзерлерди, чыканак менен басып иштетүүчү диспенсер, антисептикалык автоматтык диспенсер, бут менен басып иштетүүчү диспенсер жана коргонуучу калкандарды өндүрө баштаган.

Аталган компания мындай чечимге оор кырдаалда коронавирустун алдын алууга кайсы бир деңгээлде себепчи болуп калуу максатында баргандыгын анын негиздөөчүсү Убай Эрнис уулу билдирди.

Ачыгын айтканда, ар түрдүү максаттардын негизинде ишмердүүлүктү өзгөрттүк. Негизги максатыбыз элдин арасында оорунун жайылышын азайтууга кандайдыр бир себепчи болуп калуу болду. Ошондой эле бизде иштеген алтымыштай кызматкерибизди жумуш менен камсыз кылуу максатын көздөдүк, — деди Эрнис уулу.

Анын айтымында, карантин убагында өндүрүшкө болгон суроо-талап төмөндөгөн. Жаңы өндүрүштүк багытка өтүүдө ишкана өзүндө болгон жабдыктарды колдонуу менен иш алып барган. Аталган компания жаңы багыттагы өндүрүшүн негизги өндүрүштүн бир багыты катары кошуп алып, өндүрүлгөн товарларды Казакстан, Орусияга экспорт кылууну өздөштүргөн.

Өндүрүлгөн товарлардын баасы жана сапаты жогорку стандартка туура келгендиктен учурда Казакстанга экспорттолууда. Товарлар чек арадан эч кандай тоскоолдуксуз өтүүдө. Бардык иш чаралар расмий түрдө болуп, декларация толтурулуп, сертификат менен ишке ашырылып жатат. Учурда жумасына 10 тонналык товар коңшу өлкөгө жиберилүүдө.

«Маткасымов» ишканасы пандемияга чейин жалан гана темирди ийип, кайрып, бүгүп, иш жүргүзүп келсе, пандемиядан кийин алардын ичине микро схемаларды жана автоматтык кыймылга келтирүүчү шаймандарды коюп, ишмердүүлүктү жаңы багытта жүргүзө баштаган.

Ошондой эле ишкана антисептикалык автоматтык диспенсерлерди өндүргөндөн кийин, ресторандарга жана мейманканаларга колду жууганда жана колду көрсөткөндө автоматтык түрдө кол аарчы кагазды чыгаруучу системаларды орнотууга жаңы багыт ачылып, учурда Бишкектеги айрым кафе-ресторандарга орнотулууда.

«Чыгымды жаппай калган учурлар болсо да, элди беткап менен камсыз кылып, жумушчуларды сактап калуу максатында өндүрүштү бүгүнкү күнгө чейин улантып жатабыз» 

«Текстиль транс» жоопкерчилиги чектелген коому пандемияга чейин байпак, колготки, кийим тигип жана трикотаждык кездеме өндүрүп келсе, пандемиядан кийин жеке коргонуу шаймандарын өндүрүүгө өткөн.

Учурда анда медициналык беткаптардын үч түрү: беш катмарлуу KN 95 респиратор беткабы, KN 95 клапаны менен беш катмарлуу респиратор беткабы жана үч катмарлуу медициналык беткаптары өндүрүлүп, ички рынокко сатылууда.

Иишкананын аткаруучу директору Нургазы Мышыев элге беткап жетпей, кыйынчылык болуп жаткан учурда Түркия менен Кытайдан өндүрүүчү жабдууларды жана өндүрүшкө керектелүүчү компоненттерди алып келип, өндүрүштү баштагандыгын билдирди.

Фабрика күнүнө беткаптын түрүнө жараша KN 95 респиратор беткабын жана медициналык беткаптарды күнүнө 100 миң даанага чейин чыгара алат.

Нургазы Мышыевдин айтымында, беткаптарды чыгарууга негизинен өлкөдөгү беткап таңкыстыгы жана жумушчулардын жумушчу ордун сактап калуу себеп болгон. Себеби үйрөтүлгөн мыкты адистерди жоготуп албоо үчүн пандемиялык кризис убагында аларды иш менен камсыз кылуу керек болгон.

Фабрика кээ бир учурларда продукцияны чыгарганга кетирген чыгымды жаппай калган учурлар бар. Бирок ага карабай элдин беткапка болгон керектөөсүн камсыз кылуу жана жумушчуларды сактап калуу максатында өндүрүштү бүгүнкү күнгө чейин улантып келүүдө.

Ошол эле учурда беткаптарды өндүрүү үчүн жабдыктарды Түркиядан алып келүүдө көп кыйынчылыктарга туш болушкан.

Беткаптар негизинен спанбонд деген кездемеден даярдалат. Ошол сырьёлорду өндүрүүчү өлкөлөр ички керектөөлөрду камсыз кылуу үчүн аны экспорттоого тыюу салып койду. Мына ошого байланыштуу мамлекеттик органдар аркылуу Түркияга рамий түрдө кайрылуу менен экспорттоого уруксат алдык. Түркия боордош өлкөлөргө жардам берет экен, ошонун негизинде бизге уруксат беришти. Унаа жол аркылуу алып келүү мүмкүн болбогондуктан, учак менен алып келүүгө туура келди. Бул үчүн аябай чоң чыгым болдук , — деди Мышыев.

Ошондой эле учурда беткап өндүрүүгө кеткен кездемелерди Кытайдан алып келүү мүмкүн болуп калгандыгын кошумчалады:

Товарды алып өтүүдө кыйынчылыктар бар. Учурда Кытай менен чектеш «Эркештам» бекети ачык, бирок «Торугарт» көзөмөл-өткөрүү жайы жабык. Биз керектүү сырьёну эки ай күтүп калган учурлар болду. Бажыга келип өтө албай турат. «Эркештам» аркылуу алып келүү кымбатка турат. Анткени ал жерде атайын процедура бар, жүк ташуучу унаалар келет чиркегичи менен, башы кайра кетет, чиркегич калат. Кыргызстан тараптан жүк ташуучу унаанын башы кирип, чиркегичти алып келет. Бул процедура өтө чоң чыгымды талап кылат. Ошол эле учурда мындай мүмкүнчүлүк 1,2 эле компанияда бар. Ал жерде да кезек күтүү бүгүнкү күнгө чейин бар.

Мышыевдин айтымында, айрым маселелер президент Сооронбай Жээнбековдун аталган ишканага барып келгенден кийин чечилген. Ошол эле учурда «Торугарт» көзөмөл-өткөрүү бекетин ачып берсе бир кыйла жеңилдик боло турганын билдирди.

Copyright © 2017 Maral FM