Биз менен байланышыңыз

Дүйнөдө 18 миллиондон ашык адам коронавируска чалдыкты

Дүйнө , Кыска кабар | 3 Авг 2020 | 406 | 0

Дүйнөдө COVID-19 инфекциясы аныкталган учурлардын саны 18 миллиондон ашты. Бул тууралуу РИА Новости агенттиги Жонс Хопкинс университетинин маалыматына таянып жазды. Аталган университет федералдык жана жергиликтүү бийликтердин, жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана башка ачык булактардын маалыматтарына таянып жарыялайт.

Акыркы суткага алынган маалыматка ылайык, дүйнөдө коронавирус менен ооруган адамдардын саны 18 млн 017 миң 556га жетип, 687 миң 930 адам көз жумуп, 10 млн 649 миң 108 адам айыгып кеткен.

Акыркы маалыматтар боюнча Орусияда коронавирус жуккандардын саны 850 миңге жетти. Алардын ичинен 650 миң адам айыгып, 14 миң адам каза болгон.

Коронавирус илдети 2019-жылдын декабрь айында Кытайдын Ухань шаарында чыккан. Андан көп өтпөй дүйнөнүн башка өлкөлөрүнө да тездик менен тарады. 11-мартта Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму инфекцияны пандемия деп атады.

Copyright © 2017 Maral FM