Биз менен байланышыңыз

АКШда коронавируска каршы колдонмо ишке киргизилет

Дүйнө , Кыска кабар | 1 Авг 2020 | 340 | 0

Америка Кошмо Штаттарында коронавирус инфекциясын байкоочу мобилдик колдонмо ишке киргизилет. Бул тууралуу Google корпорациясына ээлик кылган Alphabet компаниясы жарыялады.

Колдонмо америкалыктардын 45 пайызы жашаган 20 штатта сыноодон өтөт. Колдонмонун максаты, башка өлкөлөрдөгүдөй эле, коронавирус жуккан адамдар менен мүмкүн болгон байланыштар жөнүндө маалымат берүү болуп саналат.

Дүйнөдө коронавируска каршы күрөш уланууда. Пандемия башталгандан бери вирус 17,7 миллиондон ашык адамга жуккан. Коронавирус инфекциясынын жана өпкөнүн сезгенүүсүнүн кесепетинен 682 миңден ашуун адам көз жумуп,  11,1 миллиондон ашуун бейтап айыгып чыкты.

Copyright © 2017 Maral FM