Биз менен байланышыңыз

Казакстанда коронавирус жуктургандардын саны 90 миңден ашты

Дүйнө , Кыска кабар | 1 Авг 2020 | 314 | 0

Бүгүн, 1-августка карата Казакстанда коронавирустук инфекциянын дагы 1398 учуру катталды. Бул тууралуу  Tengrinews.kz сайты COVID-19дун алдын алуу боюнча ведомстволор аралык комиссияга шилтеме берип жазды.

Коронавирустук инфекциянын жаңы учурларынын ичинен 708 адамда коронавирустун белгилери болсо, 581 бейтапта эч кандай белгилери байкалган эмес.

Өлкөдө COVID-19 инфекциясынын жалпы саны 90 миң 367 учурга жетти.

Акыркы сутка ичинде дүйнөдө COVID-19 инфекциясынын рекорддук саны катталды. Дүйнөлүк саламатыкты сактоо уюмунун маалыматы боюнча, 31-июль кечинде жаңы жуктурган адамдардын саны 292 миң 527 адамга көбөйүп, COVID-19дан  6812 бейтап көз жумган.

Copyright © 2017 Maral FM