Биз менен байланышыңыз

Ошко Екатеринбургдан 239 кыргызстандык учуп келди

Кыска кабар | 1 Авг 2020 | 332 | 0

31-июлда Ошко «Урал аба жолдору» авиакомпаниясынын Екатеринбург-Ош багыты боюнча чартердик каттамы менен Кыргызстандын 239 жараны кайтып келди. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Бул каттам менен Орусиянын жогорку окуу жайларынын студенттери, Кыргызстанга кайтып келүүгө өтө муктаж жарандар, улгайган адамдар, кош бойлуу жана жаш балалуу аялдар, ошондой эле Екатеринбург, Тюмень, Челябинск, Сургут, Магнитогорск, Салехард, Ханты-Мантийск, Новый Уренгой, Курган жана Пермде жүргөн турмушу оор кырдаалдагы жарандар келди.

Бул каттамдагы жүргүнчүлөрдүн тизмеси келип түшкөн жарандардын кайрылууларын, Урал федералдык аймагындагы шаарлардын жана региондордогу кыргыз диаспора уюмдарынын жетекчилеринин сунуштарын жана «Урал аба жолдору» авиакомпаниясына билеттерди мурда сатып алгандарды эске алуу менен түзүлдү.

Чет мамлекеттерде жүргөн жарандарды Кыргызстанга кайтаруу боюнча иштер уланууда.

Copyright © 2017 Maral FM