Биз менен байланышыңыз

Huawei смартфон сатуу боюнча дүйнө лидерине айланды

Дүйнө , Кыска кабар | 30 Июл 2020 | 287 | 0

Кытайлык Huawei компаниясы 2020-жылдын экинчи кварталында смартфондорду сатуу боюнча дүйнөлүк лидер болду.

Тогуз жылдын ичинде компания биринчи жолу Samsung жана Apple компанияларынан ашып түштү. Бул тууралуу Canalys аналитикалык компаниясынын маалыматында айтылды.

Апрель-июнь айларында Huawei 55,8 миллион смартфон саткан. Бул өткөн жылдын ушул мезгилине караганда 5 пайызга аз.

Ал эми Samsung смартфондорунун сатылышы 30 пайызга төмөндөп, 53,7 миллион даанага жеткен.

Huawei компаниясынын сатууларынын 70 пайызы Кытайдан келет. Европада смартфондорду сатуу жагынан компания Samsung жана Apple компаниясынан кийин үчүнчү орунда.

Canalys талдоочуларынын баамында, Кытай базарында гана жогорку орунду ээлеп, дүйнөдө лидерликти сактоо кыйынга турат.

Copyright © 2017 Maral FM