Биз менен байланышыңыз

Канада-Кытай: пикир айткан элчи кызматтан алынды

Дүйнө , Кыска кабар | 28 Янв 2019 | 625 | 0

Канаданын премьер-министри Жастин Трюдо Кытайдагы элчиси Жон Маккаллумду кызматынан алды. Бул тууралуу эл аралык басылмалар жазышты.

Маалыматка ылайык, Маккаллумдун кызматтан кетүүсүнө  кытайлык Huawei компаниясынын менеджери Мэн Ванчжоунун Канадада кармалуусу тууралуу айткан пикири себеп болду. Ал кытайлык маалымат каржаттарынын өкүлдөрү менен болгон жыйында: «АКШнын Ванчжоуну экстрадациясын суроодо чоң кемчиликтер болгон. АКШ бизден аны кармоону сураба жакшы болмок»,-деген оюн айткан.

Премьер Трюдо:»Маккаллум мырза Канада үчун көптөгөн эмгектерди өтөдү. Татыктуу кызматы үчүн ыраазычылык билдирем»,-деди ал.

Маккаллум буга чейин Канаданын коргоо жана миграция министрлеринин кызматын аткарган. Канададагы кытайлар көп отурукташкан райондон чыккан Маккаллумдун жубайы да кытай улутунан болгон. Ал Кытайдагы элчилик кызматты өзү суранып алган.

Эске салсак, өткөн жылдын декабрь айында технологиялык ири компания Huaweiдин ээсинин кызы, финансы менеджери Мэн Ванчжоу Канаданын Ванкувер шаарында Американын суранычы менен кармалган. Вашингтон компанияны Иранга каршы санкцияларын бузууга айыптоодо. Ишкана айыптарды кескин түрдө четке кагууда. Кытай бийлиги буга каршы Канаданы эскертип, бир нече күндөн кийин Канадада маңзат сатууга шектелип 15 жылга камалган канадалык жаранды өлүм жазасына тарткан. Мындан сырткары канадалык дипломат менен ишкерди мамлекеттик иштерге кийлигишүү жүйөсү менен камакка алган.

Copyright © 2017 Maral FM