Биз менен байланышыңыз

АКШ Юстиция министрлиги Huawei компаниясынын айыбын жарыялады

Дүйнө , Кыска кабар | 29 Янв 2019 | 726 | 0

Американын Юстиция министрлиги кытайлык ири телекоммуникациялык компания Huaweiдин айыбын жарыялады. Бул тууралуу BBC жазды.

Маалыматка ылайык компания шылуундукка, АКШнын Иранга салган санкциясын бузууга жана америкалык T Molile компаниясынын технологиясын уурдоого айыпталууда.

Тактап айтканда компания өзүнүн Иран менен иштешүүчү дочердик Huawei Device жана Skycom Tech ишканалары менен байланышы тууралуу Американын Юстиция министрлигине жалган маалымат берген.

Ошондой эле, кытайлык компания Американын T Mobile компаниясынын смартфондорду текшерүү учүн чыгарган технологиясын уурдаган.

Huawei өзүнө тагылган айыптарды четке кагууда

Эске салсак, компаниянын негиздөөчүсүнүн кызы, компаниянын финансы мененджери Мэн Ванчжоу АКШнын талабы менен Канаданын Ванкувер шаарында 1-декабрда кармалган. Ал 10 млн Канада долларын төлөп, шарттуу түрдө бошотулган. Бирок соттун чечими чыкканга чейин билегиндеги электрондук билерик менен 24 саат бою  көзөмөлдө турат. Ал учурда Ванкувердеги үйүндө жашоодо.

Ванчжоунун кармалышы Канада-Кытай мамилесине катуу сокку уруп, начарлатты.

Copyright © 2017 Maral FM