Биз менен байланышыңыз

Huawei компаниясынын менеджери Канадада кармалды

Дүйнө , Кыска кабар | 6 Дек 2018 | 1063 | 0

Кытайлык телекоммуникациялык Huawei компаниясынын негиздөөчүсүнүн кызы, фирманын финансы менеджери Менг Ванжоу Канадада кармалды. Бул тууралуу америкалык басылмалар жазышты.

Маалыматка ылайык Канаданын Ванкувер шаарына учак которуу (тарнсфер)  үчүн конгон Ванжоуну 1-декабрда Американын суранычы боюнча кармашкан. Эми ал Вашингтонго экстрадацияланышы мүмкүн.

Huaweiдин жетекчилиги менеджеринин эч кандай негизсиз кармалганын, айыбы алигүнчө угузула электигин билдиришти.

Ал эми Канаданын Юстиция департаменти Вашингтон аны Американын мыйзамын бузууга күнөөлөп жатканын билдирди.

Кошумчаласак, үстүбүздөгү жылы Кытай-АКШ соода тирешинин бир себеби да дал ушул компания америкалык технология өндүрүшүнүн идеяларын уурдап, расмий Пекиндин тыңчылык кызматын аткарары тууралуу айыптоолор болчу. Ошондой эле Американын Иранга киргизген санкцияларына каршы бул компания Иран менен иштешет деген кине да коюлган.

Huawei телекоммуникация тармагында дүйнөдөгү эң алдыңкы компаниялардын катарында. Анын дүйнө жүзүндө 100дөн ашуун филиалы бар жана анда 180миңден ашуун адам иштейт. 2018-жылы Орусияда интернет, смартфон жана планшет сатуу боюнча Apple жана Samsungдан өтүп, биринчи орунга чыккан.

Copyright © 2017 Maral FM