Биз менен байланышыңыз

Өзбекстан аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө дээрлик 15 млн $ таратат

Дүйнө , Кыска кабар | 30 Июл 2020 | 481 | 0

Өзбекстандагы аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө 150 миллиард сум (14,7 миллион доллар) жардам берилет. Кризиске каршы  фондунан бөлүнгөн каражаттар эки күндүн ичинде калк арасында бөлүштүрүлөт.

Өзбекстан өкмөтүнүн 29-июлдагы токтомуна ылайык, социалдык колдоого муктаж үй-бүлөлөргө «Саховат жана Кумак» фонду аркылуу каржылык жардам берилет. Бул максатта Кризиске каршы фондунан 150 миллиард сум (14,7 миллион доллардан ашык) бөлүнгөн. Бул тууралуу UzA маалымдайт.

Ага ылайык, региондор боюнча бул каражаттар төмөнкүдөй суммада бөлүштүрүлөт:

Каракалпакстан Республикасы — 10 миллиард сум (982 миң доллар);

Анжиян облусу — 10 миллиард сум;

Бухара облусу — 10 миллиард сум;

Жиззах облусу — 5 миллиард сум (болжол менен 500 миң доллар);

Кашкадария облусу — 20 миллиард сум (болжол менен 2 миллион доллар);

Навои облусу — 5 миллиард сум;

Наманган облусу — 10 миллиард сум;

Самарканд облусу — 10 миллиард сум;

Сурхандарья облусу — 10 миллиард сум;

Сырдарыя облусу — 5 миллиард сум (болжол менен 500 миң доллар);

Ташкент облусу — 10 миллиард сум;

Фергана облусу — 10 миллиард сум;

Хорезм облусу — 10 миллиард сум;

Ташкент шаары — 25 миллиард сум (болжол менен 2,5 миллион доллар).

Тиешелүү жетекчилерге бул каражаттарды эки күндүн ичинде калк арасында бөлүштүрүү тапшырылды.

Copyright © 2017 Maral FM