Бүгүн, 30-июлда «Ата-Бейит» мемориалдык комплексинде коронавирус инфекциясынын курмандыгы болгон жарандардын элесине арналган аза күтүү иш-чарасы болуп өттү. Маркумдарга багышталып Куран окулду.
Улуттук аза күтүү күнүнө арналган эскерүү иш-чарасына президент Сооронбай Жээнбеков, Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков, премьер-министр Кубатбек Боронов, Жогорку Соттун төрайымы Гүлбара Калиева, Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабынын башчысы Раимберди Дүйшөнбиев жана Кыргызстандын муфтийи Максатбек ажы Токтомушев катышты.