Биз менен байланышыңыз

БУУнун Кыргызстандагы өкүлчүлүгү коронавирустан каза болгондордун жакындарына көңүл айтты

Кыска кабар | 30 Июл 2020 | 313 | 0

Кыргызстан бүгүн коронавирустан курман болгон жарандарга аза күтүүдө. Буга байланыштуу Бириккен улуттар уюмунун Кыргызстандагы өкүлчүлүгү билдирүү таратты.

«Бириккен улуттар уюмунун Кыргызстандагы өкүлчүлүгү өлкөдө COVID-19 пандемиясынан каза тапкандарды эскерүү менен бирге жакындарынан айрылган үй-бүлөлөргө көңүл айтат. Биздин тилектерибиз жана ойлорубуз бул илдеттен жапа чеккендердин баарына багытталат жана учурда көрүнгүс душман менен күрөшүп жаткандардын тезирээк сакайып кетишин каалайбыз. COVID-19 пандемиясы саламаттыкты сактоо жаатындагы кризистен дагы терең экени глобалдык деңгээлде айкын болду. Анын социалдык-экономикалык таасири өлкөнүн бардык жарандарына тийди, кесепети кыйла убакытка чейин сезиле бермекчи. БУУ системасы Кыргызстан эли менен тилектеш жана биз ушул кыйын күндөрдөн бирге чыгабыз», -деп айтылат маалыматта.

БУУнун байкоосунда Кыргызстанда коронавирустун көрсөткүчтөрү акырындык менен азайып баратат. Вирусту чектеп, адамдардын өмүрүн сактап калуу, өлкөнү тез калыбына келтирүү үчүн жоопкерчилик жана боорукерлик талап кылынат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM