Биз менен байланышыңыз

Өзбекстан: Акыркы суткада 692 адамдан коронавирус аныкталды

Дүйнө , Кыска кабар | 30 Июл 2020 | 341 | 0

Өзбекстанда акыркы суткада 692 адамда коронавирус аныкталды. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министри кабарлады.

Ошондой эле акыркы суткада Ташкентте 4 адам, Сырдарыя облусунда бир бейтап илдеттин кесепетинен көз жумган.

Өзбекстанда жалпы 22 585 учур катталып, алардын ичинен 12 937 адам айыгып чыкты.

Өзбекстанда карантиндик чектөөлөр 15-августка чейин узартылган. Бул аралыкта өлкөдө массалык иш-чараларды, той-аштарды өткөрүүгө тыюу салынат. Жарандар аралыкты сактоого, көчөдө, коомдук жайларда, короолордо үчтөн ашык чогулбоого жана сөзсүз түрдө беткап кийип жүрүүгө милдеттүү болушат. Ошондой эле жашы 65тен өткөн адамдарга муктаждык болбосо үйдөн чыкпоо сунушталат.

Мындан тышкары, 15-августка чейин коомдук транспорттун, кийим-кече саткан базарлардын, ири дүкөндөрдүн, парктардын, фитнес-клубдардын, бессейндердин, чач тарачтардын, мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин, окуу борборлорунун жана эс алуу жайларынын ишине тыюу салынат. Коомдук тамактануучу жайларга тамак-ашты кардардын үйүнө жеткирип берүү шарты менен гана иштөөгө уруксат берилет.

Copyright © 2017 Maral FM