Биз менен байланышыңыз

COVID-19: Бир суткада 18 киши каза болуп, 668 учур жаңы катталды

Кыска кабар | 29 Июл 2020 | 554 | 0

Кыргызстанда акыркы бир сутка ичинде коронавирустан 18 адам каза болду. Саламаттыкты сактоо министрлигинин өкүлү Айнура Акматованын айтымында, жаңы катталгандар аймактар боюнча төмөнкүдөй бөлүнөт:

Бишкек шаары боюнча – 9, Ош шаары — 4, Чүй облусу – 2, Ош облусу – 1, Талас облусу – 1, Ысык-Көл облусу – 1 учур.

Коронавирустан каза тапкандардын жалпы саны 1347ни түзүүдө.

Өлкөдө акыркы бир сутка ичинде коронавирустун жаңы 668 учуру катталды. Алар:

-Бишкек шаары боюнча — 118;
Ош – 80;
Чүй облусу – 82;
Ош облусу — 50;
Талас облусу – 24;
Нарын облусу – 15;
Ысык-Көл облусу – 157;
Жалал-Абад облусу – 115;
Баткен облусу — 27 учур.

Кыргызстанда ушуну менен коронавирус жуктургандардын жалпы саны — 34 миң 512ге жетти.

29-июлга карата бир суткада 1047 бейтап айыгып, ооруканалардан чыгарылды. Илдеттен айыккандардын жалпы саны 23 миң 343 адам.

Copyright © 2017 Maral FM