Кыргызстанда акыркы бир сутка ичинде коронавирустан 18 адам каза болду. Саламаттыкты сактоо министрлигинин өкүлү Айнура Акматованын айтымында, жаңы катталгандар аймактар боюнча төмөнкүдөй бөлүнөт:
Бишкек шаары боюнча – 9, Ош шаары — 4, Чүй облусу – 2, Ош облусу – 1, Талас облусу – 1, Ысык-Көл облусу – 1 учур.
Коронавирустан каза тапкандардын жалпы саны 1347ни түзүүдө.
Өлкөдө акыркы бир сутка ичинде коронавирустун жаңы 668 учуру катталды. Алар:
-Бишкек шаары боюнча — 118;
—Ош – 80;
—Чүй облусу – 82;
—Ош облусу — 50;
—Талас облусу – 24;
—Нарын облусу – 15;
—Ысык-Көл облусу – 157;
—Жалал-Абад облусу – 115;
—Баткен облусу — 27 учур.
Кыргызстанда ушуну менен коронавирус жуктургандардын жалпы саны — 34 миң 512ге жетти.
29-июлга карата бир суткада 1047 бейтап айыгып, ооруканалардан чыгарылды. Илдеттен айыккандардын жалпы саны 23 миң 343 адам.