Биз менен байланышыңыз

Өзбекстанда вирус жуктуруп алгандар 21 506га жетти

Дүйнө , Кыска кабар | 28 Июл 2020 | 499 | 0

28-июлга карата Өзбекстанда 297 адамдан коронавирус инфекциясы аныкталды. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министри кабарлады.

Муну менен кошуна өлкөдө вирусту жуктуруп алгандардын жалпы саны 21 506га жетти.

Учурда Өзбекстан боюнча 11 674 айыгып чыккан. Ошондой эле 9 710 адам стационарда дарыланууда, анын ичинен 215и оор абалда, 81и өтө оор.

Өзбекстанда карантиндик чектөөлөр 15-августка чейин узартылган. Бул аралыкта өлкөдө массалык иш-чараларды, той-аштарды өткөрүүгө тыюу салынат. Жарандар аралыкты сактоого, көчөдө, коомдук жайларда, короолордо үчтөн ашык чогулбоого жана сөзсүз түрдө беткап кийип жүрүүгө милдеттүү болушат. Ошондой эле жашы 65тен өткөн адамдарга муктаждык болбосо үйдөн чыкпоо сунушталат.

Мындан тышкары, 15-августка чейин коомдук транспорттун, кийим-кече саткан базарлардын, ири дүкөндөрдүн, парктардын, фитнес-клубдардын, бессейндердин, чач тарачтардын, мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин, окуу борборлорунун жана эс алуу жайларынын ишине тыюу салынат. Коомдук тамактануучу жайларга тамак-ашты кардардын үйүнө жеткирип берүү шарты менен гана иштөөгө уруксат берилет.

Copyright © 2017 Maral FM