Биз менен байланышыңыз

Өзбекстан: Жарылган дамба боюнча 9 адам камакка алынды

Дүйнө , Кыска кабар | 28 Июл 2020 | 725 | 0

Өзбекстандагы Сардоба суу сактагычынын жарылышына байланыштуу козголгон кылмыш ишинин негизинде 9 адам айыпталып, камакка алынды. Бул тууралуу өлкөнүн Башкы прокуратурасы билдирди.

Камалгандардын арасында дамба курулушунун буюртмачысы, долбоордун автору, дамбаны курган ишканалардын жетекчилери жана Суу чарба министрлигинин өкүлдөрү бар.

5-майда өткөн конференциянын жүрүшүндө Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев:

«Сардоба суу сактагычындагы трагедия үчүн күнөөлүүлөр ким экендигине карабастан мыйзам алдында жооп беришет», — деп убада берген.

7-майда Сардоба суу сактагычындагы трагедияны иликтөө боюнча өкмөттүк комиссиянын курамы жарыяланып, анын курамына “Узгидроэнерго” ААКсынын башчысы, сенатор Абдугани Сангинов кирген.

Сардоба окуясына байланыштуу козголгон кылмыш ишин иликтөөнүн натыйжасында дамбанын жарылуу себеби долбоордун документтеринде, курулушунда жана эксплуатациясындагы кемчиликтер менен катачылыктарга байланыштуу болгону аныкталган.

Буга чейин Сардоба суу сактагычын курууга мамлекеттик бюджеттен 404,4 миллион АКШ доллары бөлүнгөнү кабарланган. Сардоба суу сактагычынын курулушу 2010-жылы башталып, 2017-жылы аяктаган. Аны куруу демилгеси Өзбекстандын азыркы президенти, ал кездеги өкмөт башчы Шавкат Мирзиёевге таандык.

Эске салсак,  Сардоба суу сактагычында дамба 1-май күнү эртең менен жарылган. Кырсык болгон аймактардан 90 миңге жакын адам эвакуацияланган, 6 киши каза тапкан.

1-майда суу сактагычтагы суунун ээ бербей агып чыгышынын натыйжасында коңшу Казакстандын калктуу конуштарын суу каптап, зыянга учураткан.

Copyright © 2017 Maral FM