Биз менен байланышыңыз

ДССУ: Коронавирус пандемиясы тез жайылып баратат

Дүйнө , Кыска кабар | 28 Июл 2020 | 522 | 0

Коронавирус пандемиясы бат жайылууда. Бул тууралуу Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун (ДССУ) башкы директору Тедрос Гебрейесус билдирди.

Гебрейесус белгилегендей, ДССУ COVID-19ду эл аралык маанидеги пандемия деп жарыялаганына 6 ай толду.

Бул салматтыкты сактоо тармагында эл аралык медиктер биригип бир бир эрежеге баш ийген 6 окуя болуп жатат. Учурда вирусту жуктуруп алган 16 миллиондон ашык адам катталды, 640 миңден ашыгы көз жумду. Пандемияныны дагы эле мизи кайтпай, кулачын жайып баратат, — деди Гебрейесус.

Маалыматтар боюнча акыркы 6 жума ичинде коронавирусту жуктуруп алгандардын саны кескин түрдө өскөнү байкалган.

Жон Хопкинс университети маалымдагандай, дүйнө боюнча 16,3 миллион адам COVID-19 менен катталса, анын кесепетинен 650 миңдей адам каза болгон.

 

Copyright © 2017 Maral FM