Биз менен байланышыңыз

Бир суткада коронавирустан 38 адам көз жумду

Кыска кабар | 25 Июл 2020 | 441 | 0

Акыркы суткада COVID-19 инфекциясынан 38 адам көз жумду. Бул тууралуу Коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова брифингде билдирди.

Анын айтымында, Бишкекте 13, Ош шаарында 2, Чүй облусунда 5, Ош облусунда 3, Талас облусунда 5, Нарын облусунда 1, Ысык-Көл облусунда 2, Жалал-Абад облусунда 2, Баткен облусунда 5 адам илдеттен (пневмонияны эсепке алганда) каза болду.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда 25-июлга карата коронавирус жана пневмония жуккан учурлардын саны 32 миң 124кө жетти. Илдеттен жалпы 19 миң 203 жаран айыкса, каза болгондордун жалпы саны 1249ду түзөт.

Copyright © 2017 Maral FM