Биз менен байланышыңыз

Өзбекстан: Мирзиёев карантиндик чектөөлөрдү узартуу сунушун колдоду

Дүйнө , Кыска кабар | 24 Июл 2020 | 442 | 0

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев өлкөдөгү карантиндик чектөөлөрдү узартуу тууралуу республикалык комиссиянын сунушун колдоду. Бул тууралуу Мирзиёевдин басма сөз кызматы билдирди.

Президент учурдагы эң маанилүү маселеси катары калк арасында вирустук чынжырчаны үзүү экендигин белгиледи.

— Бул үчүн карантиндин талаптарын аткарып, иммунитетти бекемдөө, ден соолукту коргоо жана ар бир адамдын өмүрү үчүн күрөшүү керек, — деди Мирзиёев.

Мындан тышкары, президент коронавируска каршы күрөшүп жаткан бардык дарыгерлер, анын ичинде видеобайланыш аркылуу жардам берип жаткан чет өлкөлүк адистер да тиешелүү деңгээлде сыйланышы керектигин айтты.

— Бизге Германиядан профессор келип, бейтаптарды дарылоого түздөн-түз катышууда. Бүгүн Түркиядан профессорлордун тобу келет. Башка өлкөлөрдөн тажрыйбалуу адистерди тартуунун үстүндө иштеп жатабыз, — деди Мирзиёев.

Республикалык комиссия карантиндик чектөөлөрдүн мөөнөтүн кайсы убакытка чейин узартууну сунуштаганы такталган эмес. Буга чейинки өлкөдөгү карантиндик чектөөлөр 1-августка чейин күчүндө болот. Бул аралыкта жалаң азык-түлүк дүкөндөрү менен дарыканаларга гана иштөөгө уруксат берилет.

Copyright © 2017 Maral FM