Биз менен байланышыңыз

Казакстанда казактар менен этникалык өзбектер ортосунда жаңжал чыкты

Дүйнө , Кыска кабар | 24 Июл 2020 | 1617 | 0

Казакстандын Түркстан облусундагы Кентау шаарына караган Шорнак айылында мушташ болду. Айылдаштардын ортосундагы таш ыргытылган жаңжалдан 3 адам жаракат алган, алардын бири оор абалда.

Жергиликтүү полиция бейбашчылык фактысы боюнча 4 адам кармалып, териштирүү иштери жүрүп жатканын билдирген. Ал эми социалдык түйүндөргө тараган маалыматтар боюнча, уруш өзбек жана казак улутундагы жашоочулар арасында чыккан. Бул маалыматты полиция четке кагууда.

11 миңден ашык тургуну бар Шорнак айылында казактар жана этникалык өзбектер жашайт.

Copyright © 2017 Maral FM