Биз менен байланышыңыз

«Жыл соңуна чейин экономикага 1 млрд $ салуу керек»

Кыска кабар , Пикирлер | 24 Июл 2020 | 800 | 0

Учурда Кыргызстандын экономикасы реанимациялык абалга жетип калды. Бирок өкмөт тарабынан тийиштүү чаралар кечигип жатат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Акылбек Жапаров «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, кырдаал мындан ары да ушундай нукта уланса, бизнес өзү менен өзү бутуна турат. Ишкердиктин айрым түрлөрү талкаланып, банкротко учурайт. Бир ишкер чыгым тартса, жок дегенде 10 үй-бүлө тамак-ашсыз калат. Ал эми орто жана чакан бизнес жоголо турган болсо, 100 миңдеген жумушчу орундары жоюлат.

Өкмөт коронавирус менен күрөшүүдө белгиленген жумуштарды аткарууда кечигип жатат.

-Сырттан келген каржаттын 70-90%ы бюджеттин милдеттенмелерин аткарууга кетип калды. Экономиканы колдоого бөлүнгөн 14 млрд сомду бизге теориялык жактан айтышкан. Бирок бюджеттен 4 млдр сом гана көргөнбүз, бул бизге жетишсиз. Эгерде өкмөт иш-аракетин баштабаса, реанимация кылса да, кечигип кала турган абалга келдик, — дейт Жапаров.

Эл өкүлү белгилегендей, учурда өкмөт жумушчу орундарды саткап кала тургандардын баарына жеңилдетилген насыя бериши керек. Ал үчүн Кыргыз-Орус өнүктүрүү фонду аркылуу Орусиядан 260 млн доллар алып келүү кажет.

Мындан тышкары, Кыргызстан ЕАЭБге кирип жатканда Евразия өнүктүрүү банкынан жылдык 0.75% үстөк пайыз менен 40 жылга 500 млн доллар насыя алмак. Аны да тартып келип, бизнеске таратуу зарыл. Жыл соңуна чейин экономикага 1 млрд доллар салуу зарыл. Болбосо, экономиканы сактап калуу оор.

-Өкмөт резервдеринин баарын элге тарата башташы керек. Жакыр үй-бүлөлөргө тамак-аш, дары-дармек үчүн жок дегенде 5 миң сомдон бере башташы шарт. Колуна тийген акчага эл товар сатып алып, экономика бутуна турат, — дейт депутат.

Copyright © 2017 Maral FM