Биз менен байланышыңыз

Оксфорд университетинин коронавируска каршы вакцинасы коопсуз деп табылды

Дүйнө , Кыска кабар | 21 Июл 2020 | 820 | 0

Британиядагы Оксфорд университети тарабынан коронавируска каршы иштеп чыгарылган вакцина коопсуз деп табылды. Окумуштуулар бул жыйынтык менен The Lancet медициналык журналына бөлүштү.

Тестирлөөнүн 3-этабы ооруканада апрель-май аралыгында өткөрүлгөн. Ага 18 жаштан 55 жашка чейинки коронавирус менен оорубаган 1077 ыктыярчы катышкан.

-Иммундук системада патогендерди аныктоо жана аларга каршы чабуул жасоонун 2 ыкмасы бар. Алар – антитело реакциясы жанан Т-клеткакалары. Бул вакцина эки ыкманы тең аткарууга жөндөмдүү. Ошондуктан вакцина вируска жана денедеги иштен чыккан клеткаларга каршы натйыжа көрсөтө алат, — дейт унивеситеттин профессору Эндрю Поллард.


Коронавируска каршы вакцина Кыргызстанга качан келет?


Вакцина бир нече багыттагы аракетти аткаргандыктан анын узак мөнөттүү коргоону түзөрү айтылууда.

Вакцинанын терс таасирлери да бар – баш оорутуу, лихорадка, дене талуусу. Бирок мындай абал вакцинаны колдонууда болуучу кадимки көрүнүш экенин белгилейт профессор.

Британдыктар вакцинанын эффективдүүлүгүн изилдөөнү улантууда.


Британияда коронавирус менен 130 күн күрөшкөн 35 жаштагы аялдын баяны

Copyright © 2017 Maral FM