Биз менен байланышыңыз

Британияда коронавирус менен 130 күн күрөшкөн 35 жаштагы аялдын баяны

Дүйнө , Кыска кабар | 21 Июл 2020 | 812 | 0

Улуу Британиянын Фатима Бридл аттуу тургуну коронавирус менен 130 күн бою күрөшүп келет. Бул тууралуу Daily Mail билдирген.

Бул 130 күндү ал дээрлик ооруканада өткөрүп, анын ичинен 105 күн өпкөнү жасалма дем алдыруучу аппарат менен дем алып келген.

Фатима Бридл коронавирусту Мароккого барган учурда жуктуруп алгандыгы айтылат. 35 жаштагы Фатима март айынын башында Британияга кайтып келгенде андан коронавирустун белгилери байкалган. Бир канча күндөн кийин тест анын коронавирус жуктуруп алганын тастыктаган.

Кийинчерээк британиялык аялдын абалы начарлап, өз алдынча дем ала албай калган. Медиктер аны жандандыруу бөлүмүнө которушуп, өпкөгө жасалма дем алдыруучу аппаратка кошушкан. Бридл комага түшүп, кырк күн бою эсине келе алган эмес. Коронавирустан улам бул британиялык аялда пневмония жана сепсис өөрчүй баштаган. Анткен менен медиктер анын өпкөсүн 40 пайыз иштөөсүн камсыз кылып, калыбына келтирүүгө жетишкен.

Эми Бридлге бир өпкө менен жашоого туура келет. Учурда ал булчуңдарынын алсыздыгынан улам өз алдынча кыймылдай албайт. Ал атайын балдактарды колдонуп басып жүрөт. Дене тарбия көнүгүүлөрү анын булчуңдарын калыбына келтирет деп ишенет.

Эскерте кетсек, Улуу Британия Европада COVID-19дан көбүрөөк жабыр тарткан өлкөлөрдүн бири болду. Өлкөдө 296 миң адам илдетти жуктуруп алган. Алардын 45 миңи өмүрлөрү менен кош айтышкан.

 

Copyright © 2017 Maral FM