Биз менен байланышыңыз

«Дистанттык окутуу окуучуларды өз алдынчалыкка үйрөтөт»

Кыска кабар , Пикирлер | 21 Июл 2020 | 625 | 0

Дистанттык окутуу окуучуларды жоопкерчиликтүү болууга, өз алдынчалыкка үйрөтөт. Анын акыбети сөзсүз жакшы болот. Мындай пикирин Билим берүү тармагындагы адис Асылбек Жоодонбеков «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, аралыктан окутуунунун мүмкүнчүлүктөрүн өнүктүрүп, изилдөө керек. Бул ишти жалаң гана Билим берүү министрлигине артып коюу туура эмес. Ата-эне, экспреттер өз оюн айтып, процесске чечкиндүү катышуусу маанилүү.

-Кубанып жатам. ЖОЖдорго онлайн кабыл алуу системасы да жакшы иштеп жатат. Балдар санариптешүү багытында жасалган иштерди үйрөнүп жатат. Мындан кача албайбыз, — дейт Жооданбеков.

Ал белгилегендей, пандемия билим берүү тармагындагы санариптешүүнү тездетти. Министрлик чукул кырдаалда чечкиндүү аракеттерге барып, окуу жылын ийгиликтүү аяктады.

Эске салсак, Билим берүү жана илим министрлиги жаңы окуу жылы аралыктан окутуу менен башталарын билдирген.

Copyright © 2017 Maral FM