Биз менен байланышыңыз

«Аралыктан окутуу эптеп окуткан мугалимдерди четке сүрүп чыгарат»

Кыска кабар , Пикирлер | 21 Июл 2020 | 3775 | 3

Аралыктан окутуу эптеп окуткан мугалимдердин баарын четке сүрүп чыгарат. Мындай пикирин билим берүү тармагындагы адис Асылбек Жоодонбеков «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, окутуучунун даярдыгы, чыгармачылыгы, интернет ресурстарын колдоно билүүсү маанилүү. Биричи кезекте мугалимдерге интернет маселесин чечип берүү кажет.

Пандемия мектеп менен ата-эненин байланышын өнүктүрдү.

-Мурда мугалимдер жалгыз маалымат булагы болсо, азыр андай эмес. Ошондуктан окуучу мугалимин гана карап отурбашы керек. Дистанттык окутууда окуучу графигин өзүнө ылайыктап түзүп алсын. Министрлик көбүрөөк натыйжага иштеши зарыл. Андан тышкары, тоолуу аймактагы мектептерге да мүмкүнчүлүк, жоопкерчилик берүү кажет. Айрым учурда министрлик баарын өзүнө жүктөп алат да, түздөн-түз буйруктарды чыгара берет. Иш сапаттуу аткарылбайт. Окуучуга, ата-энелерге индивидуалдуу мамиле керек. Министрлик даректүү саясат жүргүзсө, жемиштүү болот, — дейт Жоодонбеков.

Ал белгилегендей, баа мугалимдин окуучуну коркуткан куралы болбошу керек. Учурда окуучулар 2 алгандан коркпойт. Ушундан улам белгилүү көндүмдөрдү калыптандырууга өтүү маанилүү.

3 пикир

3 пикир

  1. Алиман

    22.07.2020 20:30

    Ооба , эң туура. Албетте аралыктан окутууда мугалимдин алсыз жактары көрүнүп калат.Агай айтмакчы эптеп сабак өткөндөр өзүнөн-өзү четтеп,чыгып калат

  2. Элмира

    22.07.2020 21:57

    Кээ бир методикасы кучтуу мугалимдер мультимедиалык карпжаттарды, колдоно албагандыктан кыйналып жатышат убактылуу кырдаалга карап «сурулуп калат» деген ойду туура эмес кором. Бетме бет баланы сезимин байкап эмоциясына байкоо жургузуп иштегенден отоору жок экенин билебиз, кырдаал убактылуу экенин унутпайлы.

  3. Дайырбек

    23.07.2020 17:58

    Дистанттык окутуу мектепке туура келбейт,заочный студенттерге туура келет.бала деген бала мектеп,мугалим баланын билим алуусуна таасир берет.Баланын билим алуусуна мугалимдин таасири ата-энеге караганда жогору болот.

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM