Биз менен байланышыңыз

«Компетенттүүлүккө багытталган билим берүү зарыл»

Кыска кабар , Пикирлер | 2 Апр 2021 | 1694 | 0

Мектеп окуучулары үчүн калыптандыруучу баа маанилүү. Мындай пикирин билим берүү маселелери боюнча эксперт Асылбек Жоодонбеков «Маралга» берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, учурда балдар төмөн баа алуудан коркпойт.

«2» коём, класстан көчпөй каласың», — деп эмес, «сен мыктысың, колуңдан келет» деп окуучуну акырындык менен калыптандыруу зарыл. Башкача айтканда, жазалоо жолу менен эмес, кызыктыруу ыкмасы менен үйрөтүү кажет. Мындан тышкары окуучуларга жүктөм өтө көп. Бүгүнкү күндө көп билүү эмес, үйрөнгөндөрүн пайдалана алуу маанилүү. Андыктан компетенттүүлүккө багытталган билим берүү зарыл», — дейт Жоодонбеков.

Ал кошумчалагандай, билим берүү — туризмдин бир тармагы. Андыктан сапатуу кызмат көрсөтүү зарыл. Анткени бул өлкө экономикасына олуттуу таасир берет.

Copyright © 2017 Maral FM