Биз менен байланышыңыз

«Өлкө билим берүү тармагында секирик жасады»

Кыска кабар , Пикирлер | 2 Апр 2021 | 1288 | 0

Пандемиядан улам өлкө билим берүү тармагында секирик жасады. Мындай бааны билим берүү маселелери боюнча эксперт Асылбек Жоодонбеков «Маралга» берген маегинде берди.

Анын айтымында, санариптештирүү маселелери лозунг, ураан менен айтылып келсе, пандемия ыкчам чараларды кабыл алып, мугалим, ата-эне, окуучулардын бир топ платформаларды үйрөнүүсүнө өбөлгө болду.

Мындан сырткары онлайн билим берүү системасынын, аралыктан окуунун маанилүүлүгүн камсыздады. Мугалимдердин кесптик чеберчилигин жогорулатуу багытында чоң иштер жасалды.

Секирик жасоодо Кыргызстан алдыңкы өлкөлөрдүн катарында эмес, бир катар көйгөйлөр да бар.

«Интернеттин начардыгы боюнча көп нааразычылыктарды алып жаттык. Экинчиден, ата-энелердин экономикалык абалынан улам 2-3 окуучу бир гаджетти карап, кезек күтүп калды. Тилекке каршы, үй-бүлөлүк зомбулук, өзүнө кол салгандардын саны өстү», — дейт Жоодонбеков.

Copyright © 2017 Maral FM