Биз менен байланышыңыз

«Кыргызстан эл аралык «PISA» сынагына катышышы керек»

Кыска кабар , Пикирлер | 2 Апр 2021 | 1151 | 0

Кесибине жоопкерчиликтүү мамиле кылган педагогдордун саны көбөйүп, мектептердеги аракети жакшырса, Кыргызстандын эл аралык «PISA» сынагындагы көрсөткүчтөрү жакшырат. Мындай пикирин билим берүү маселелери боюнча эксперт Асылбек Жоодонбеков «Маралга» берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, өлкө «PISA» сынагына 1 жылдан бери катышпай келет, бул туура эмес. Сынакка катышып, аксаган көрсөткүчтөргө анализ жүргүзүп, анын үстүндө иш алып баруу зарыл.

Азыр Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан окуучулардын компетенттүүлүгүн артыруу боюнча реформалык аракеттер жүргүзүлүп, долбоорлор ишке ашырылууда.

«Мамлекет алы жеткени аткарууда. Мамлекеттин жасаган иши дайыма жетишпейт, дайыма сын бар. Ошондуктан колдоого алып, жардам беришибиз керек», — дейт серепчи.

Copyright © 2017 Maral FM