Биз менен байланышыңыз

Өзбекстан: Сутка ичинде 562 адам COVID-19 диагнозу менен катталды

Дүйнө , Кыска кабар | 21 Июл 2020 | 475 | 0

Бир сутка ичинде Өзбекстандын 11 аймагында 562 адамдан коронавирус инфекциясы аныкталды. Бул тууралуу өлкөнүн Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди.

Жаңы учурлардын ичинен 499 адам буга чейин оору жуктургандар менен байланышта болсо, 63 бейтап чет өлкөлөрдөн барган. Ошондой эле, бир суткада 4 бейтап кайтыш болсо, өлкө боюнча жалпы 91 адам коронавирустан көз жумду.

Бүгүнкү күндө Өзбекстанда 7760 адам дарыланып жатат. Алардын ичинен 108 бейтаптын абалы абдан оор деп бааланууда.

Акыркы бир сутка ичинде 184 бейтап оорудан сакайып, ооруканадан чыгарылган. Жалпы 9 миң 463 бейтап COVID-19 вирусунан сакайды. Ал эми коронавирус жугузуп алгандардын жалпы саны 17 миң 314тү түздү.

Өзбекстанда коронавирус инфекциясын жуктуруп алуунун алгачкы учуру 15-мартта катталган.

Copyright © 2017 Maral FM