Биз менен байланышыңыз

21-июлга карата аба ырайы тууралуу маалымат

Кыска кабар | 20 Июл 2020 | 327 | 0
Автор: Ахмед Доан

Кыргызгидромет билдиргендей, 21-июлда Кыргызстандын кээ бир райондорунда жаан жаап, күн күркүрөйт. Күндүз Чүй, Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Талас, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жаан жаашы күтүлөт. Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда жаан-чачын каттуу жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +17…+22, күндүз +28…+33;

Таласта түнкүсүн +15…+20, күндүз +27…+32;

Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарында ​түнкүсүн +18…+23, күндүз +30…+35;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +10…+15, күндүз +20…+25;

Нарыноблусунда түнкүсүн +6…+11, күндүз +18…+23;

Бишкекте түнкүсүн жаан-чачын жаабайт, күндүз өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн. Абанын температурасы түнкүсүн +18…+20, күндүз +31…+33 градус болот.

Copyright © 2017 Maral FM