Биз менен байланышыңыз

Эксперт: коронавирустун экинчи толкуну жеңил өтөт

Дүйнө , Кыска кабар | 20 Июл 2020 | 4311 | 0

Коронавирустун экинчи толкуну кыйла жеңил өтөт, анткени жай айларында ультрафиолет нурлануусунун таасири менен коронавирус бир топ алсырайт. Мындай пикирин белгилүү иммунолог, Милан мамлекеттик университетинин профессору Марио Клеричи РИА Новостиге билдирген.

Милан Мамлекеттик Университетинин иммунологдору жана Италиянын Улуттук астрофизика институтунун адистери биргелешип изилдөө өткөрүшкөн. Изилдөө күн спектринин ультрафиолет нурунун коронавируска тийгизген таасирине арналган.

Италиялык биологдор Covid-19 вирусун суу тамчыларына салып, коронавирусту чүчкүргөндө же жөтөлгөндө пайда болгон эффектти кайталап, ар кандай диапазондордо ультрафиолет нуруна текшерип көрүшкөн. Эксперименттердин жүрүшүндө, ультракызгылт нурлануунун таасири кичинекей дозада болсо дагы, бир нече секунданын ичинде вирустун толук активдүү эмес болушуна себепчи болушу мүмкүн экендиги аныкталган.

Окумуштуулар ошондой эле күндүн нурлануу деңгээли менен дүйнөнүн ар кайсы аймактарындагы эпидемиологиялык кырдаалдын ортосундагы айырмачылыкты аныкташкан. Ультрафиолет нурлануусунун деңгээли жогору болгон жакта коронавирус инфекциясы азыраак катталган.

Азыр эч ким, эмне болорун так айта албайт. Экинчи толкун келет деп ишенем, бирок бул биринчи толкун менен болгон күрөшүүгө караганда жеңилирээк болот, — деди Клеричи.

Клеричи белгилегендей, бүгүнкү күндө микробиологдор бөлүп турган коронавирус Европада февраль айында эпидемиянын башталышында пайда болгон вирустан эч кандай айырмаланбайт.

Бул ошол эле вирус, ал олуттуу өзгөрүүлөргө дуушар болгон эмес. Бирок жай айларында күндүн нуру узак убакыт таасир эткенден кийин, ал олуттуу түрдө алсырайт. Күндүн нуру вирустун алсыроосуна алып келет, — деди ал.

Клеричи ошондой эле, экинчи толкундун жайыраак өтүшүнүн дагы бир маанилүү себеби катары, бүткүл медициналык тутумдун COVID-19 менен күрөшүүгө кыйла жогорку деңгээлде даярдыгын белгиледи.

Copyright © 2017 Maral FM