Биз менен байланышыңыз

Орусияда ыктыярчыларга коронавируска каршы вакцинаны сыноо иштери жыйынтыкталды

Дүйнө , Кыска кабар | 20 Июл 2020 | 529 | 0

Бүгүн, 20-июлда коронавируска каршы вакцинаны сыноого катышкан ыктыярчылардын акыркы тобу Бурденко аскер госпиталынан чыгарылат. Бул тууралуу Орусиянын Куралдуу күчтөрүнүн улуттук коопсуздук күчтөрүнүн №48 Борбордук илимий изилдөө институтунун башчысы, биология илимдеринин доктору, профессор, медициналык полковник Сергей Борисевич билдиргенин жергиликтүү басылмалар жазды.

Аталган ыктыярчылар тобунда 20 киши болгон. Аларга Коргоо министрлиги жана академик Гамалей атындагы Улуттук эпидемиология жана микробиология илимий изилдөө борбору менен биргеликте коронавируска каршы вакцина берилген.

Изилдөөчүлөр талдоо иштерин жүргүзүп, вакциналык дары мамлекеттик каттоодон өткөрүлөрүн айтышты. Учурдагы тесттик маалыматтар эмдөөдөн кийин ыктыярчыларда коронавирустун антителолорун аныкташканын жана вакцинанын компоненттери адамдар үчүн коопсуз жана жакшы экендигин тастыкташты, — деди Борисевич.

Коронавирустун организмге иммунитет берген антителолору вакцинаны бергенден кийин узак убакытка чейин сакталат.

Бурденко ооруканасында ыктыярчыларга коронавируска каршы вакцинаны сыноо иштери 18-июнда башталган. Вакцинаны алган биринчи топ 18 кишиден турган.

Июнь айынын аягында ыктыярчылар өздөрүн жакшы сезип жатышканын, вакцинанын эч кандай терс таасирлери байкалбагандыгын жана эч кандай оорулар аныкталбагандыгын билдиришти.

16-июнда Орусиянын Саламаттыкты сактоо министрлиги COVID-19 вирусуна каршы дарыны сыноо иштерине уруксат берген.

Copyright © 2017 Maral FM