Биз менен байланышыңыз

Коронавирус пандемиясы: 20-июлга карата дүйнөлүк кырдаал

Дүйнө , Кыска кабар | 20 Июл 2020 | 572 | 0

Дүйнөдө коронавирус менен күрөш уланууда. Пандемия башталгандан бери дүйнөдө 14,6 миллиондон ашык адамга коронавирус жукту. COVID-19дун жана өпкөнүн сезгенүүсүнүн кесепеттеринен 608 миңден ашуун адам көз жумду. Ошол эле учурда 8,7 миллионго жакын бейтап оорудан айыгып чыкты. Мындай маалыматты Worldometer эл аралык ыктыярчылар тобу бүгүн, 20-июлда жарыялады.

Германияда акыркы сутка ичинде коронавирустук инфекциянын жаңы  249 учуру аныкталды. Роберт Кох Институтунун (RKI) билдиришине караганда, илдетке чалдыккандардын жалпы саны 201 миң 823 адамга жетти. Акыркы бир сутка ичинде эки адам COVID-19дан көз жумду. Ошентип, курман болгондордун жалпы саны 9 086га жетти.

Кытайда коронавирустун жаңы 22 учуру катталды. Алардын бешөө чет өлкөдөн келген жарандарда аныкталган. Бир күн мурун, коронавирустун 16 жаңы учуру катталган болчу. Расмий маалыматтар боюнча, Кытайда инфекциянын жалпы саны 83 миң 682ге жетип, 4634 адам көз жумган.

АКШда акыркы суткада 67 миңден ашык коронавирустук инфекциянын жаңы учурлары катталды. Ошентип, өлкөдө жалпы коронавирустук инфекциянын саны 3,69 миллионго жетти. Бир сутка ичинде 877 адам каза болуп, жалпы көз жумгандардын саны 139 миң 659 кишиге жетти.

Түштүк Африкада COVID-19дан каза тапкандардын саны 5000ден ашты. Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, өлкөдө коронавирусту жуктурган 365 миң адам бар. Түштүк Африка — пандемиядан улам Африканын эң көп жабыркаган өлкөсү, дүйнө жүзү боюнча АКШ, Бразилия, Индия жана Орусиядан кийин инфекция жуктургандардын саны боюнча бешинчи орунда турат. Өлкөдө түнкү коменданттык саат киргизилип, алкоголдук ичимдиктерди сатуу токтотулган.

Акыркы сутка ичинде Бразилияда 23 миңден ашуун адамдан коронавирус аныкталды. Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, илдетке чалдыккандардын жалпы саны 2 миллиондон ашты. Ошондой эле, бир сутка ичинде COVID-19дан 716 адам каза болуп, жалпы каза болгондордун саны 79 миң адамдан ашты.

Брюсселде өткөн Евробиримдиктин саммитинде Европа Кеңешинин Президенти Шарль Мишель коронавирус пандемиясынын терс экономикалык таасирине каршы күрөшүү фондун түзүү боюнча жаңы сунушун берди. Мишель гранттардын жалпы пакетиндеги үлүшүн 750 миллиард евродон 400 миллиард еврого чейин кыскартууга даяр. Ошол эле учурда, жалпы сумманын мурдагыдай бойдон калуусу үчүн насыялардын үлүшүн 350 миллиард еврого чейин көбөйтүү керек. Бул өзгөртүү жалпы чечимге тоскоол болуп жаткан Австриянын, Нидерланддын, Даниянын жана Швециянын «сарамжалдуу төрт» деп аталган концессиясы болуп саналат. Саммит 19-июлда бүтүшү керек болчу.

Copyright © 2017 Maral FM