Биз менен байланышыңыз

Британия коронавирус курмандыктарынын санын жарыялоону токтотту

Дүйнө , Кыска кабар | 19 Июл 2020 | 695 | 0

Улуу Британия коронавирустан улам каза болгондордун статистикасы боюнча маалыматтарды жарыялоону убактылуу токтотуп турат. Бул тууралуу өкмөттүн сайтында кабарланды.

«Учурдагы күндөлүк статистикада коронавируска оң жыйынтык берген бардык бейтаптардын өлүмү жөнүндө маалыматтар камтылган», — деп айтылат билдирүүдө.

Бирок өкмөттүн айтымында, тест менен өлүмдүн ортосундагы убакыт аралыгы эсептелген эмес, ошондуктан күн сайын каза болгондордун так саны чаташтырышы мүмкүн.

Бул маселе чечилмейинче көз жумгандардын санын жарыялоо токтоп турат.

Reuters агенттиги Саламаттыкты сактоо министри Мэттью Хэнкок каза болгондордун санын эсептөө ыкмаларын карап чыгууга буйрук бергенин кабарлады.

Изилдөөчүлөрдүн айтымында, тесттин жыйынтыгы оң чыккандар «ал эле эмес алар инфарктка кабылып же автобус коюп кеткенде да» жоготуулар коронавирустун өлүм статистикасына киргизилүүдө.

Copyright © 2017 Maral FM