Биз менен байланышыңыз

19-июлга карата аба ырайы тууралуу маалымат

Кыска кабар | 18 Июл 2020 | 380 | 0

19-июлда Баткен, Ош, Жалал-Абад жана Ысык-Көл облустарынын тоолуу аймактарында өткүн өтүп, күн күркүрөйт.

Түштүк-батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метр, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.​

19-июлда абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +17…+22, күндүз +31…+36;

Таласта түнкүсүн +18…+20, күндүз +33…+35;

Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында ​түнкүсүн +20…+22, күндүз +35…+37;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +13…+18, күндүз +20…+25;

Нарын облусунда түнкүсүн +10…+15, күндүз +19…+24;

Бишкекте жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн +20…+22, күндүз +34…+36 градус болот.

ӨКМ кызматы 18-19-июль күндөрүндөгү туруксуз аба ырайына жана күтүлүп жаткан өткүнгө байланыштуу Баткен, Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл жана Нарын облустарынын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүндүгүн эскертет.

Copyright © 2017 Maral FM