Биз менен байланышыңыз

Орусияда коронавирус жуктуруп алгандар 750 миңден ашты

Дүйнө , Кыска кабар | 16 Июл 2020 | 393 | 0

Орусияда, 16-июлга карата акыркы бир сутканын ичинде 6428 адам коронавирус менен катталды. Мындай маалыматты ыкчам штабдын билдирди.

Жаңы учурлар өлкөнүн 85 аймагынан тастыкталып, анын ичинен 1549 бейтап (24,1 %) — коронавирус аныкталгандар менен байланышкан жана оорусу симптому жок өтүп жаткандар.

Ошондой эле, бир суткада 167 адам каза болду. Алардын 22си Санкт-Петербургда, Москва шаарында 24 адам катталды.

16-июлга карата Орусиядагы вирус жуктуруп алган бейтаптардын жалпы саны 752 миң 797 адамга жетти. Анын ичинен 11 937 бейтап көз жумса, 531 миң 692 киши айыкты.

Пандемия башталгандан бери 24 млн (акыркы суткада 298 миң) лабораториялык изилдөө жүргүзүлгөн. Учурда 273 267 адам дарыгерлердин көзөмөлүндө болуп жатат.

Copyright © 2017 Maral FM