Биз менен байланышыңыз

Өзбекстанда вирус жуктургандар 15 миңге чамалады

Дүйнө , Кыска кабар | 16 Июл 2020 | 475 | 0

16-июль, саат 10:00гө карата Өзбекстанда коронавирус жуктуруп алгандардына жалпы саны 14 787ни түздү.

Акыркы күн ичинде дагы 206 адамдан вирус аныкталган. Анын 53ү карантин борборунан (сырттан келгендерден), 101и Ташкентте, 35и Сурхандарья облусу, 17 учур Каракалпакстандан аныкталган.

Учурда Өзбекстанда вирустан сакайып, үйлөрүнө чыгарылгандардын саны 8655 адам. Ошондой эле, 6060 бейтап стационарда эмделүүдө. Алардын ичинен 60 оор, 7 бейтап өтө оор абалда. Каза болгондор 72 киши.

 

Copyright © 2017 Maral FM