Биз менен байланышыңыз

Хижама менен пневмонияны айыктыруу: кандай зыяндары бар?

Ден соолук , Кыска кабар | 16 Июл 2020 | 738 | 1

Кыргызстанда социалдык тармакта хижама ыкмасы менен пневмония жана коронавирусту айыктырса болору айтылып, кызуу талкууга түштү. Буга байланыштуу Саламаттык сактоо министрлигинин маалымат кызматы хижама ыкмасы тууралуу адистин пикирин жарыялады.

Хижама – бул медициналык тилге туура келбейт.

Хижама ыкмасы, ал кайсы учурда колдонулаары тууралуу Улуттук илимдер академиясынын мүчө-корреспонденти, медицина илимдеринин доктору, профессор, Кыргызстандагы кан тамыр хирургиясынын негиздөөчүсү Мамбетакун Намазбеков айтып берген. Анын айтымында, бул медицинанын тилине туура келбейт.

-Хижама ыкмасын илгери ата-бабалар адамдын кан басымы жогорулап кеткенде гана колдончу. Башка ооруларга пайдаланылчу эмес. Акыркы убакта бул ыкма көрсөтмөсү барбы, жокпу, айтор, бардык ооруларга карата колдонулуп жатат. Эгерде адамдын кан басымы 200дөн ашып кетсе, дарылоо жакшы натыйжа бербей калса, ошол убакта канды чыгарып, хижама кылса болот. Бирок аны медицина кызматкери көзөмөлдөп турушу керек. Бөйрөктүн кан тамыры бүтөлүп калып, кан басым көтөрүлгөн учурда хижама ыкмасы жардам бербейт. Себеби бул жакта гормондук бузулуу болуп жатат. Мындан улам кан чыгарып, чыгарбаганына карабай баары бир кан басымы ордуна келбейт. Ал бөйрөктөгү кан тамырларды алмаштыруу жолу менен гана жөнгө салынат, — дейт профессор.

Намазбеков коронавирус жана башка оорулардын баарын хижама аркылуу дарылай бергенге болбой турганын кошумчалады.

Мындай пикирди Индиядан хижама жасоо боюнча атайын сабактарга катышып, практика жүзүндө үйрөнгөн Саид Рахман да колдойт. Ал коронавирусту, пневмонияны хижама менен дарылоо бул чоң жаңылыштык экенин белгилейт.

Билген билбегени баары эле кан алышат бизде «билерман болуп». Бул өтө опурталдуу, чоң риск. Бир банканы ар кимге эле колдоно беришет биздин кээ бир таксырлар. Андан гепатиттин түрлөрү жугат. Ошондой эле, атайын белгиленген «алтын точкаларды» билбей эле жасай беришет. Андайда вирус адам канында болгон болсо өтө тездик менен тарайт.

Хижама адам канында жугуштуу илдет, вирус болбогон кезде гана жасалат. Талаптагыдай жасалса хижама табылгыс даба. Профилактикалык өтө пайдалуу нерсе. Айрыкча канды суюлтуп, кан жүгүрүүсүн нормалдаштырат. Анын баары таза кезде гана жасалат.

А бирок кооронавирусту, пневмонияны хижама менен дарылоо бул чоң жаңылыштык жана чоң риск. Вирусту жуктуруп алган соң, хижама жасатуу кооптуу, ошондуктан ал жагын салттуу медицинага коюш керек. Сovid-19 вирусу аныкталып же пневмония болгон кезде хижама кылбаш дагы, кылдырбаш дагы керек!

Саид Рахман, учурдагы кырдаалдан пайдаланып, хижама жсагандар да ишинин жүрүшүн ойлоп, элди алдабай, туура маалымат бериш керектигин айтат.

Ошондой эле, косметолог Айнура Сагынбаева, гепарин менен бирге хижаманы колдонууга болбойт, аз кандуулука алып келерин белгилейт. Ал да ким, эмне кылбасын, сөзсүз дарыгердин көзөмөлүндө жасоону сунуштайт.

Хижаманы кошумча эм катары колдонсок болот

Мусулмандар арасында хижамага болгон ишеним күч болгондуктан, анын жардамы тиет. Бирок, ал кошумча жардам гана боло алат. Негизги дарылануу максатында сөзсүз медициналык жардамга кайрылыш керек дейт Республикалык ден соолукту чыңдоо борборунун жугуштуу оорулардын алдын алуу бөлүмүнүн башчысы Сагынбек Уезбаев.

— Хиджама – бул кан алуунун бир түрү. Мусулман өлкөсү сүннөт катары колдонгондуктан, ошого ишеним кылгандыктан, бир топ жардам берет. Бир топ акыбалды жеңилдетиши мүкүн. Негизги тастыкталган дарылоону унутпай, медициналык жардам алып, ага кошумча кылып хижаманы колдонсо болот.

Уезбаев белгилегендей, хижаманы атайын даярдалган адистер гана кылышы керек.

Хижаманын пайдасы аябай көп экендигин, аны кошумча эм катары колдонсо болоруна врач, кардиолог Абдимиталип Халматов да кошулат. Бирок пневмония, коронавирус болуп жаткан мындай учурда хижамага аябай тактык менен мамиле жасаш керек.

Хижаманын пайдасы зор, андан баш тартуунун кереги жок. Бирок, хижаманы кылыш керек, азыркы медицинанын пайдасы жок деген такыр туура эмес.

Албетте коронавирус деген врачтар үчүн да жаңы нерсе болуп жаткандыктан, башында бираз кыйынчылык болду. Азыр кыйла жакшы болуп калды. Ошондуктан биринчи сөзсүз медициналык жардамга кайрылыш керек. Ошондой эле хижаманы да кошумча эм катары колдонуп көрүш керек.

Ал эми пневманияны хижама менен дарыласа болот дегендер ошону далилдеш керектигин айтат Халматов. Мисалы, кечээ 20 адамдын рентгенин хижамага чейин, хижамадан кийинки натыйжасын көрсөтүп, анан элге айтса жакшы болорун кошумчалады.

Кандай учурда хижама жасатууга тыюу салынат?

Халматовдун айтымында, хижама жасай турган атайын күндөр бар, башка күндөрдө жасаса зыян алып келет деп айтылат. Ошондуктан жакшылап сураштырып, мурда, кийин кылган иштери менен таашыныш, же кылдырып жүргөн тааныштардын кеңеши менен атайын адистерге барып жасатыш керек. Антпесе азыр барсаң эле, кел жасап коем деген алдамчылар да көп болуп жатат. Кан басымы ылдый, анемиясы бар адамдар, көп кан жоготкон адамдар хижама жасоодо абайлашы зарыл.

Сагынбек Уезбаев да хижама жасоо сунушталбай турган учурларды айтып өттү.

— Хижаманы кылганда дагы аны билген адис кылышы шарт. Кайсы учурда кылса болот, кайсы учурда болбойт деген өзүнүн эрежелери бар. Кан алуу дагы организм үчүн стресс. Кээ бир учурда кылууга болбойт. Мисалы:

-кан аздуулукта, кайсы бир учурда шишик оорулары болсо, боюнда бар кезде, бала эмизип жаткан учурда, лейкоциттердин көрсөткүчү төмөн болуп туганда, организм өзү алсырап турганда ж.б. учурларда жасаткан болбойт.

-Андан кийин убактылуу дагы жасаткан болбойт.

-Көп ооруп, өзүнө келип жаткан учурда же коронавирустан жаңы эле ооруп, алсырап турганда, өзгөчө вирустук оорулардан кийин 2 жумага чейин кылдырса болбойт.

-Айымдар айызы келип бүткөндөн кийин дагы кылдырса болбойт.

-Давления түшкөн учурда дагы. Ушул учурларда кылса, бара-бара жүрөктүн согушун туура эмес жакка өзгөртүп коюшу мүмкүн. Мунун баарын май-чүйдөсүнөн бери билген адис кылыш керек.

-Адамдын организм жана темпераментине жараша дагы мамиле кылуу абзел. Мезгилдерге жараша дагы болот. Кылган жердеги шарттар ылайыктуу болушу керек. Таза, ар кимдин банкасы өзүнүкү болушу керек.

-Адамдын жаш өзгөчөлүгүнө караш керек. Мисалы, 20 жашка чейинкилерге, 70 жаштан жогоруларга кылынбайт.

Хижаманын ордуна кандай альтернатива сунушталат?

Уезбаев белгилегендей, хижаманы айрымдар одоно кабыл алышы мүмкүн.

-Хижама жасатканда кан алып жаткан учурду көргөндө, айрымдар бир аз башкача кабыл алышы мүмкүн. Ага альтернатива болуп, кадимки эле венадан алган, донор кан тапшырган сыяктуу эле 400- 500 граммга чейин кан алынат. Бул дагы канчалык бир деңгээлде ошондой эле эффект берет. Биздин организмде 5 литрге жакын кан болсо, анын канча бир бөлүгү 40%га чейин көк боордо, териде, майда кан тамырлада сакталат. Качан керек болгондо, иштетилет. Канды кайсы бир жол менен алганда, донор, хижама болобу, сүлүк курт, вена аркылуубу же башка бир себептер менен алганда, ошол уктап жаткан кан ишке кирет. Башкача айтканда, кан жаңыланган сыяктуу болот. Жаңы күчтөнүп, организм өзүнүн ресурстарын иштетип, ооруга туруштук берүүгө, алдын алууга жардам болот. Эффектиси мына ушунда. Бирок, ага дагы альтернатива катары “Плазмаферез” деген ыкма бар. Канды алып, атайын аппаратка салып, кандын плазмасын тазалап, кайра өзүнүн плазмасын өзүнө куят.  “Гемодиализ” деген дагы ыкма бар. Канды уулуу заттардан тазалаш үчүн, атайын аппараттан өткөрүп,  фильтрлеп,таза канды кайра куйганда, бир топ жакшы эффекттер бар. “Плазмадиолиз” деген дагы бар. Бул дагы кандын плазмасын тазалап, кайра куят. Кыргызстанда дагы колдонсо болот. Атайын даярдалган адистер, аппараттар дагы бар. Кан алса, адам кадимкидей жакшырып, жашарып калгандай сезилет.

Copyright © 2017 Maral FM