Биз менен байланышыңыз

Беларусияда өткөн митингде 200гө жакын адам кармалды

Дүйнө , Кыска кабар | 15 Июл 2020 | 361 | 0

Беларусиянын ар кайсы шаарларында президенттик шайлоого катышуу үчүн талапкер катары каттоодон өтпөгөн экс-банкир Виктор Бабарикону жана Беларусиянын Жогорку Технологиялык Паркынын биринчи директору Валерий Цепкалону колдоп нааразычылык акциялары болуп өттү. 15-июлга алынган маалымат боюнча «Весна» укук коргоо борбору тарабынан Минск шаарында кармалгандардын тизмесине 173 адам киргизилген. Ал эми окуя болгон жерден социалдык тармактарда маалымат тараткан журналисттер кармалган 129 адамдын тизмесин жарыялады. Мындан тышкары, өлкөнүн башка шаарларында да  ондогон адамдар кармалган.

Акцияга катышуучуларды кармоо борбордун ар кайсы жерлеринде, Жеңиш аянтында жана анын жанында, Октябрь аянтына жакын жерде, Немига метро станциясынын жанында, Беларусь мамлекеттик циркинин жанында болгон.

Укук коргоочулар менен күбөлөрдүн айтымында, атайын полиция бөлүмүнүн (ОМОН) мүчөлөрү жана  укук коргоо органдарынын кызматкерлери ырайымсыз күч колдонуп, адамдарды таяк, бут жана муштум менен уруп кетишкен.

Беларусиянын учурдагы президенти Александр Лукашенконун башкы атаандаштарынын бири деп эсептелген жана УКМКнын тергөө изоляторунда кылмыш иши боюнча камакка алынган Виктор Бабариконун талапкерлиги үчүн дээрлик 370 миң кол чогултулган, алардын 165 миңден ашыгы жарактуу деп табылган. 20-июнда Бабариконун жактоочулары Борбордук шайлоо комиссиясына талапкер катары катталуу үчүн документтерин тапшырышкан, ал эми 13-июлда БШК каттоодон баш тартууга расмий негиз жок экендигин билдирген.

Бирок, 14-июлда Бабарикону каттоодон баш тартылгандыгы белгилүү болгон. БШК аны кирешеси жана мүлкү жөнүндө декларацияда дал келбестиктер бар экенин жана чет элдик уюмдар анын шайлоо өнөктүгүнө катышты деп айыптаган. Ошол эле учурда БШК эч кандай далил келтирген эмес, ошол эле учурда бул айыптоолор боюнча соттун чечими да болгон эмес.

Copyright © 2017 Maral FM