Биз менен байланышыңыз

Президент каза болгон медик кыздын жакындарына көңүл айтты

Кыска кабар | 14 Июл 2020 | 3023 | 1

Президент Сооронбай Жээнбеков И. Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын 5-курсунун студенти Адинай Мурзабекованын мезгилсиз дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу анын үй-бүлөсүнө жана жакындарына көңүл айтты.

«Борбор калаанын убактылуу стационарлардын биринде ыктыярчы болуп эмгектенип жаткан И. Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын 5-курсунун студенти Адинай Мурзабекованын мезгилсиз дүйнөдөн кайткандыгы тууралуу суук кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым. Медициналык кадрлардын жетишсиздиги ыктыярчыларды, алардын ичинде медициналык факультеттердин жогорку курстарынын студенттерин ишке тартууга мажбур кылды. Жаш болгонуна карабастан, алар улуу кесиптештери менен бир катарда болуп, бүгүнкү күндүн бардык оош-кыйыштарын татыктуу көтөрүп келе жатышат. Тилекке каршы, бүт өмүрү али алдыда болгон жаш адисибизден айрылып отурабыз», — деп белгиледи мамлекет башчы.

Президент Адинай Мурзабекова күч-кубатын, ден соолугун аябастан, өз милдетин кайратмандык менен аткарганын жана калктын саламаттыгын, адам өмүрлөрүн сактап калууга баа жеткис салым кошкондугун айтты.

14-июлда Бишкектеги күндүзгү стационарлардын биринде ыктыярчы болуп иштеп жаткан 5-курстун студенти каза болгонун кесиптештери социалдык тармактарга жазып чыгышкан. Каза болгон кыз Медициналык академиянын 5-курсун аяктаган. Кесиптештеринин айтымында, маркум стационарда 11 күн иштеп, эч жери ооруган эмес. Бирок медициналык кызматкерлер бардык күчүн жумшап, саламаттыгын аябастан иштеп жатышканын айтышкан.

Бишкектеги стационарда иштеген медик кыз каза болду (видео)

 

1 пикир

1 пикир

  1. Макулбек кызы Назгуль

    14.07.2020 22:08

    Конул айтмак тургай, тоону омкоруп берсе да энеге кызын кайтарып бере алабы?

Жооп жазуу

Жоопту жокко чыгаруу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM